Баткен: Кыргыз жана тажик айылдарынын тургундары чогулуп ооз ачышты

Баткен облусундагы чек арага жакын айылдардын тургундары Тажикстандын чек арага чектеш айылдарынын тургундары менен ооз ачарга чогулду. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

28-апрелде Лейлек районундагы чек арага жакын айылдардын тургундары Тажикстандын Гафуров районунун тургундары менен чогуу ооз ачышкан.

Ооз ачарга эки райондун акимдери жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү баштаган 100гө жакын тургун катышты.

Ушундай эле иш-чара Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун тургундары менен бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Ооз ачарга чогулуунун максаты — эки элдин ынтымагын бекемдөө. Чогулгандар Орозо айында биримдикти жана тынчтыкты тилеп дуба кылышты.

Мындан бир жыл мурда, 28-апрель күнү, кыргыз-тажик чек арасындагы эң ири куралдуу жаңжал башталып, үч күнгө созулган. Жаңжалда Кыргызстандын 36 жараны набыт болгон — анын ичинде атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскерлери, 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе бар.

Жаңжалдын кесепетинен Баткен жана Лейлек райондорунда 140 турак үй жана 84 объект өрттөлгөн. Ал эми тажик тараптан 80ден ашуун киши жарадар болуп, 19 адам каза болгон. Ошондой эле, 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.

Эки өлкөнүн тең президенттери үстүбүздөгү жылдын апрелинде чек аранын 660 километрден ашыгы  (Жапаровдун маалыматы боюнча 664, Рахмондун айтымында 663,7) километри такталып бүткөнүн билдиришти.