Эмомали Рахмон чек ара маселесин сүйлөшүүлөр аркылуу эртерээк чечүүгө кызыктар

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чер арасындагы маселелердин сүйлөшүүлөр аркылуу эртерээк чечилүүсүнө кызыктар экенин билдирди. «Озоди» радиосунун маалыматына ылайык, бул тууралуу Рахмон 17-апрелде чек арага жакын Исфара шаарынын тургундары менен жолугушууда айтты.

Рахмон эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркация жана делимитация иштерин «эң башкы маселелердин бири» деп атап, тажик тарап Кыргызстан менен 2002-жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатканын айтты.

Ал бул убакыт аралыгында 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы, тагыраагы, 68,4 пайызы макулдашылганын белгиледи.

Эмомали Рахмон чек ара маселелери боюнча эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алган чечимди табуу көп убакытты жана адистердин иш-аракетин талап кылган татаал процесс экенин баса белгиледи.

«Исфаранын тургундарынын эсине дагы бир жолу салам: кошуналар менен өз ара түшүнүү, жакшы кошуналык маанайда жашоо керек, достук, кызматташтык куруп, сабырдуу болуп, эмоцияларга алдырбоо зарыл», — деди тажик президенти.

Мурдараак президент Садыр Жапаров дагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын 972 чакырымын 664 чакырымы такталганын билдирген.

Жапаров тактоо иштери жай жүрүп жатканын белгилеп, аны «бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калганы менен» түшүндүргөн.

«Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз», — деген ал.

Чек арадагы жаңжал

Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы 12-апрель күнү кечке маал кыргыз-тажик чек арасынын Селкан айыл аймагында Тажикстандын аскер кызматкери тарабынан курал колдонулганын билдирген. Чек ара тилкелери такталбагандыктан бул аймактарда эки өлкөнүн тургундары менен чек арачыларынын ортосунда кагылышууга айланып кеткен чыр-чатактар байма-бай болуп келет.

Ошол эле түнү чек ара чырынан улам Баткен жана Лейлек райондорунун 18 507 тургуну эвакуацияланып, 13-апрелде кайрадан үйлөрүнө кайтышкан. Ок атышууда эки кыргызстандык — бир чек арачы жана бир жай тургун жабыркаган. Кийин алты киши жабыркаганы белгилүү болгон.

Башкы прокуратура 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу фактысы боюнча «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.