Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталганын билдирди

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталып бүткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 15-апрелде өзүнүн расмий Фейсбук барагына жазды.

«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 километр чек ара тилкеси бар. Анын 664 километр тилкесин такташып бүттүк. 308 километри калды. Албетте иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок», — деп жазды президент.

Бирок Жапаров «менин көз карашымда тактоо иштери жай жүрүп жатат» дейт. Ал анын себебин «бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калганы менен» түшүндүрдү.

«Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Чек аранын аныкталбаган тилкелериндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда байма-бай кагылышуулар болуп турат.

Акыркы куралдуу чыр 12-апрелде чыккан. Анда Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери токтоо талабына баш ийбей Кыргызстандын аймагына кирип кеткенден улам чыр чыкканын билдирген.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы окуя боюнча расмий маалымат бере элек.

Ок атышуу эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин токтоп, кошумча күчтөр жана каражаттар артка кайтарылды.

Чек ара жаңжалында кыргыз тараптан жалпысынан алты киши жабыркады — алардын бири аскер кызматкери. Ошондой эле Баткен жана Лейлек районунун 18 507 тургуну кырдаалга байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланып, 13-апрелде кайрадан үйлөрүнө кайтышты.

Ал эми тажик тараптан бир аскер жарадар болуп, кийинчерээк каза болгону айтылды.

Чек ара чырына байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен иш козголду