Баткен: Мамкурулуштун инспектору прокуратуранын тергөөчүсүнө пара берип жатканда кармалды

Минкабга караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин Баткен облусу боюнча көзөмөл жана контролдоо башкармалыгынын инспектору облустун прокуратурасынын тергөөчүсүнө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү улук инспектордун суранычы менен прокуратура «Бекем-Курулуш» ЖЧКсына карата процессуалдык чараларды көрбөшү үчүн тергөөчүгө 200 000 сом берүүгө аракеттенген.

УКМКдан бул факты боюнча иликтөө уланып жатканын кошумчалашты.

27-апрелде Бишкекте Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү 200 миң сом пара алып жатканда кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, милициянын майору «Ш.С.К.» тергелип жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн тургундан ортомчу аркылуу 4 миң АКШ долларын талап кылган.

5-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны «А.Д.Б.» 85 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн аялдан 2 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.