ИИМдин ага тергөөчүсү 200 миң сом пара алууга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 27-апрелде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү 200 миң сом пара алып жатканда кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, милициянын майору Ш.С.К. тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн тургундан ортомчу аркылуу 4 миң АКШ долларын талап кылган.

Бул факты «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталып, тергөөчү жана ортомчу болгон Ю. А. Х аттуу киши кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин, 21-апрелде Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын башчысынын орун басарын 20 миң сом пара алып жатканда кармалган.

Шектүү арыз ээсине карата жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом талап кылганы белгилүү болгон.

Коррупциянын денгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы жемкорлуктун деңгээли боюнча 27 упайга ээ болуп, 144-орунга чыккан. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 20 баскычка төмөн — мурдагы жылы Кыргызстан 31 упай менен 124-орунда болчу.

Тема боюнча:

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси УКМК кызматкерине пара берип жатканда кармалды

«25 миң сом талап кылган». Бакай-Ата райондук сотунун судьясы пара алып жатканда кармалды