УКМК Биринчи май РИИБнин тергөөчүсүн пара алып жатканда кармады

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны «А.Д.Б.» 85 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 5-апрелде кабарлады.

Атайын кызматка Бишкектин тургуну арыз менен кайрылып, милиция кызматкери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн андан 2 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылып жатканын билдирген. УКМК бул факты боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

2021-жылдын 10-сентябрында УКМК Биринчи май РИИБнин кызматкерин пара опузалоого шектеп кармаган. Атайын кызматтан шектүү Чүй облусунун тургунунан 500 АКШ доллары жана кымбат баалуу сувенир түрүндө пара талап кылганын билдиришкен. Анда шектүү талап аткарылбаса алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгойм деп коркутканы айтылган.