УКМК: БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов камакка алынды

Туйгунаалы Абдраимов

УКМК Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кармалып, камакка алынганын билдирди. Ага карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Атайын кызматтан «Абдраимов өзүнүнүн кызмат абалынан пайдаланып Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 95% акциясы өзүнө таандык болгон “Кайнар” ЖАКсына 11,2 гектарды түзгөн таштанды таштоочу жайды бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган» деп билдиришти.

Ошондой эле Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругу менен «Кайнар» 2015-жылдан баштап аталган тилкеде бардык сан-экологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген. Ал эми Кант шаардык мэриясы катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туру үчүн «Кайнарга» ай сайын 250 миң сом төлөп турган.

УКМКдан «Кайнар» таштанды таштоочу жайды уюштуруу менен гана чектелип, катуу калдыктарды жок кылуу боюнча эч кандай нормаларды сактаган эмес деп белгилешти.

Аталган фактылар боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 30-апрелде ага шектелип Туйгунаалы Абдраимов кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Абдраимовдун уулу «Азаттыкка» УКМКнын кызматкерлерин атасын «аңгемелешүүгө» деп алып кетип, түнкү саат 12де 48 саатка камалганын билдирди. Ал «чакыруу кагазы келбегенин жана жактоочу жалдаганга жетишпей калышканын» айтты.

«Мыйзамсыз баюу» жана «Бийликти күч менен басып алуу»

Өткөн жылдын 20-сентябрында Абдраимов «Мыйзамсыз баюу» иши боюнча УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак берген. Анын кеңсесинде жана үйүндө тинтүү жүргөнү айтылган.

15-сентябрда Абдраимов «Бийликти күч менен басып алуу» ишинин алкагында тергөө кызматына жеткирилип, сурак берип чыккан. Ошол эле күнү аны менен чогуу бир нече саясатчы да бул иш боюнча суралган.

Абдраимов өзү суракка алынуусу «негизсиз» болгонун айтып, «бул саясий куугунтук» деп билдирген.

Кийинчерээк Абдраимовдун жана башка саясатчылардын суракка алынышына маданий ишмерлер тарабынан жолдонгон кат себеп болгону ачыкталган.

Катта Абдраимов, ошондогу депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, депутат Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеев баштаган жарандар 17-сентябрь күнү жүз миң киши менен митинг өткөрүп, бийликти алмаштырганы жатканы жазылган.

Мындан улам аларга катуу чара көрүү талабы коюлган.

Бирок каттын авторлору делген маданий ишмерлер сурактын эртеси кайрылуунун биринчи бети өзгөртүлгөнүн, түп нускасында саясатчылардын аты аталбаганын айтышкан.

Кененирээк окуңуз: «Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?

Ал эми чоң митинг болот делген 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары — анын ичинде Туйгунаалы Абдраимов — Ала-Тоо аянтында «саясий туткундарга» арналган көркөм-нааразычылык акциясын уюштурган. Ага жүздөй киши катышып, акцияда Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өткөн.