«Мыйзамсыз баюу» иши боюнча кармалган Туйгунаалы Абдраимов 8 саат сурак берди

Туйгунаалы Абдраимов

Чүй облусунун экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов «Мыйзамсыз баюу» иши боюнча УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын уулу Элмурат Абраимов билдирди.

Ошондой эле, ал бир нече саат мурун атасынын үйүндө жана кеңсесинде тинтүү болгонун айткан болчу.

«Азыр ал суракта. Бир саат болуп калды [...] “Мыйзамсыз баюу” деген негизде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын, ошол боюнча кармап кетишкенин айтышты», — деп билдирген ал.

Атайын кызматтан азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

«Бийликти күч менен басып алуу» иши

15-сентябрда Абдраимов «Бийликти күч менен басып алуу» ишинин алкагында тергөө кызматына жеткирилип, сурак берип чыккан. Ошол эле күнү аны менен чогуу бир нече саясатчы да бул иш боюнча суралган.

Абдраимов өзү суракка алынуусу «негизсиз» болгонун айтып, «бул саясий куугунтук» деп билдирген.

Кийинчерээк Абдраимовдун жана башка саясатчылардын суракка алынышына маданий ишмерлер тарабынан жолдонгон кат себеп болгону ачыкталган.

Катта Абдраимов, азыркы депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, депутат Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеев баштаган жарандар 17-сентябрь күнү жүз миң киши менен митинг өткөрүп, бийликти алмаштырганы жатканы жазылган. Мындан улам аларга катуу чара көрүү талабы коюлган.

Бирок каттын авторлору делген маданий ишмерлер сурактын эртеси кайрылуунун биринчи бети өзгөртүлгөнүн, түп нускасында саясатчылардын аты аталбаганын айтышкан.

Кененирээк окуңуз: «Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?

Ал эми чоң митинг болот делген 17-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары — анын ичинде Туйгунаалы Абдраимов — Ала-Тоо аянтында «саясий туткундарга» арналган көркөм-нааразычылык акциясын уюштурган. Ага жүздөй киши катышып, акцияда Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү өткөн.