Сүрөт: Ала-Тоо аянтында саясий туткундарга арналган көркөм иш-чара өтүүдө

Сүрөт: «Клооп»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева Бишкектин Ала-Тоо аянтында «саясий куугунтуктоолорго каршы көркөм нааразычылык» акциясын өткөрүүдө. Иш-чара Атамбаевдин 65 жылдык мааракесине карата уюштурулган.

«Өзгөрүү шамалы» деп аталган көргөзмөдө Шагиева тарткан сүрөттөр, инсталляциялар коюлган. Ал эми сүрөттөрдө «Жалган менен чындыкты өчүрө албайсыңар», «Күч менен сүйүүнү өлтүрө албайсыңар» деген цитаталар жазылганын көрүүгө болот.

Ал эми «Темир тордун ичинен өсүп турган гүл» инсталляциясында «Эркти капас менен сындыра албайсыңар» деген жазуу бар.

Сүрөт: «Клооп»

Алия Шагиева «Клооптун» журналисттерине курган маегинде атасы Алмазбек Атамбаев менен бүгүн байланышканын жана анын «маанайы жакшы болгонун» билдирди.

«Бийлик эсине келип, соттук отурумдарды жылдыра бергенин токтотот деп үмүт кылабыз. Атайылап, аны [Атамбаевди] көбүрөөк камакта калтырууну көздөп жатышат. Анткени коркушат, интеллекти атамдыкындай саясатчылар көп эмес», — деди Шагиева.

Ошондой эле Шагиева мурдагы өлкө башчынын «ден соолугу начарлап кеткенин, анын жүрөгүн тез арада дарылатуу үчүн абактан чыгарылышы керектигин» айтты.

Көргөзмөнү «Солёные орешки» джаз-тобу, саксофонист Амантур Молдалиев жана диджей Zack Fridayvich коштойт. Мындан сырткары иш-чарага келгендерге Magic Bakery’ден фуршет уюштурулуп, самын көбүгү шоусу көрсөтүлөт.

Атамбаевдин юбилейи жана «саясий туткундарга» арналган митинг

Буга чейин 17-сентябрда «саясий туткундарга» арналган тынчтык митинг өткөрүлө турганын кабарланган — аны Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев уюштурмакчы болгон.

Ал эми маданият ишмерлери онго жакын саясатчынын атып атап, алар баштаган жарандар «17-сентябрда куралдуу төңөрүш жасап, бийликти басып алууга камынып жатышат» деп 14-сентябрда кат жолдогон.

15-сентябрь күнү кайрылууда аты аталган саясатчылардын дээрлик баары сурак берип чыгышкан. Эртеси күнү кайрылуунун демилгечиси Сонунбүбү Кадырова каттын биринчи бети өзгөртүлгөнүн, түп нускасында саясатчылардын аты аталбаганын жана мазмуну бурмаланганын айткан.

Бүгүн, 17-сентябрда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 65 жашка чыгышы белгиленип жатат. Анын тарапташтары саат 12:00дө Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө чогулушкан.

Ага Атамбаевдин жакындары, айылдаштары, Жогорку Кеңештин депутаттары. коомдук-саясий ишмерлер катышаары айтылып, башка каалоочулар да чакырылган.