Коргоо министрлиги: Бишкекте Жеңиш күнүндө аскердик техникалар көрсөтүлөт

Бишкекте 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына карата митинг реквием өтөт жана аскердик техникалар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чара Бишкек гарнизонунун аскерлеринин катышуусу менен Жеңиш аянтында өтөт. Жеңиш күнүнө карата Бишкек гарнизонунун аскерлеринин машыгуулары көрсөтүлүп, талаа ашканасы даярдалат.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, калаада «Өлбөс полктун» жүрүшү дагы өтөт. Катышуучулар Түштүк дарбазадан «Жеңиш» аянтына чейин жүрүш менен келет.

Ал эми президент Садыр Жапаров 9-май күнү Өчпөс отко гүл коюп, ардагерлер менен жолугушмакчы.

Президент 27-апрелде өзүнүн фондунан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 10 млн 807 миң сом бөлгөн. Президенттин администрациясы 9-майда ардагерлерге жалпы-жонунан 120 000 сомго чукул акча берилерин маалымдаган.

«Эскерүү иш-чарасына согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле борбор шаарыбыздын тургундары жана коноктору чакырылды», — деп белгилешти министрликтен.

Буга чейин Коргоо министрлиги «Клооптун» кабарчысына Бишкекте 9-майда Жеңиш күнүнө карата парад болбойт деп билдирген.

Анда министрликтен калаанын Жеңиш аянтында митинг-реквием өтөтүп, ага согуштун ардагерлери, оорукта эмгек кылгандар, шаар тургундары жана анын коноктору катышарын, мындан тышкары, гүлчамбар коюу аземи, аскердик каша жана «Өлбөс полктун» жүрүшү өтөөрүн билдирген. Бирок анда аскердик техникалар көрсөтүлө турганы айтылган эмес.