Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине президенттик фонддон 100 миң сомдон берилет

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине президенттик фонддон 10 млн 807 миң сом бөлүнөт. Ардагерлерге бир жолку жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө 1-февралга карата Улуу Ата-Мекендик согуштун жалпы 107 ардагери бар.

Каражат төмөнкүлөргө берилет:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
  • Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына;
  • Блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдарга.

Президенттик администрациядан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 9-майга карата 100 миң сомдон тышкары жыл сайын бир жолу берилүүчү 20 миң сом өлчөмүндөгү жөлөкпулду дагы алышарын кошумчалашты.