Президент Садыр Жапаров 4-апрель күнү кечинде Министрлер кабинети менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарды жөнгө сала турган баштапкы келишимге кол коюлганын жарыялаган.

«Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды», — деп жарыялаган ал.

Бирок тараптардын ортосундагы келишимдин шарттары бүдөмүк көрүнөт. Ал эми бийлик жетишилген келишимдин шарттары «дүйнөлүк курч кырдаалды жана Кыргызстандын абалын эске алганда өлкөнүн улуттук кызыкчылыгы үчүн эң оптималдуу жана ыңгайлуу» деп ишендирүүдө.

Акылбек Жапаров Centerra менен баштапкы келишимге кол коюп жатат. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Минкаб жана Centerra келишим кол коюлгандан 90 күндөн кем эмес убакыттын ичинде жабылат деген үмүттө. Аны канадалык компаниянын акционерлери да жактырышы керек, бирок кыргыз бийлиги келишимдин жабылышынан күмөн санабайт — келишимге «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин учурдагы башчысы Теңгиз Бөлтүрүк кол коюшу керек.

Эгер бул жүзөгө ашса, анда Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери «Кумтөрдү» биринчи жолу толугу менен өзү иштетип баштайт. Ал эми бул долбоордо 30 жылдан бери өнөктөш катары иштешип келген канадалык компания менен келишим аягына чыгат.

«Клооптун» журналисттери Centerra менен макулдашуунун Кыргызстан үчүн оош-кыйышын айтып беришет.

Экологиялык коркунуч

Centerra’нын 4-апрелдеги билдирүүсүндө Кыргызстан Кумтөр кени жана анын рекультивациясы үчүн «толук жоопкерчиликти» өзүнө алганы айтылат.

Бүгүнкү бийлик, президенттен баштап «Кумтөрдүн» экс-тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө чейин Centerra’ны экологиялык нормаларды бузууга жана жакынкы мөңгүлөрдү талкалоого айыптап келишкен.

Жалпы айтканда, канадалык компанияны экологиялык ченемдерди бузууга эгемен Кыргызстандын мурдагы бийлиги дагы айыптачу.

Мындан тышкары, маселе жараткан дагы бир көйгөй бар — ал калдык сактоочу жай. Ал жерде кенди казууда пайда болгон 2 млн тоннага чукул уулуу калдык сакталган.

Петров көлүндөгү калдык сактоочу жай. Сүрөт: AKIpress.

«Эксперттердин, тоо кенчилердин, Экотехинспекциянын текшергени боюнча абдан коркунучтуу. Горизонталдык жактан жылып жатат. Карьердин түштүк чыгышындагы бөлүгүндө жарака бар. Андан сырткары экологиялык эң чоң катастрофага алып келчү маселелер көп. Биз ошол маселелерди карабай эле "алтын алабыз, 500 млн. доллар түшөт" деген сөздөрдү айтып жатат. Албетте, ошого ишенгим келет. Бирок экология маселеси кандай болот деп аябай кабатыр болуп жатам. Мөңгүлөрдү азыр деле талкалап жатышат», — дейт узактан бери «Кумтөр» маселеси менен иштеген экс-депутат Эркингүл Иманкожоева.

Ал эми бийлик кенди мамлекеттин кызыкчылыгында иштетүүгө өзүнүн кудурети жетерин айтып ишендирүүдө.

«Ошонун баарына өзүбүз жоопту болобуз. Ал жердеги музду ээритпей, кенди жер алдынан иштетүү ыкмаларына өтүү [планы бар]. Керек болсо, калдык сакталган жай толтура, өтө жогору коэффициенти бар калдыктарды кайра иштетүүгө болот. Айтор мунун баары биздин менчик болгондон кийин Кумтөрдү жалпы кыргыз бийлиги, кыргыз өкмөтү, кыргыз эли улуттук кызыкчылыкта иштетебиз», — деп билдирген минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүнүн эфиринде.

Тоо кенин иштеткен ар бир ишканада рекультативдик фонд болушу керек. Мындай фонд «Кумтөрдө» да бар. Бул каражаттар Лондондогу банктардын биринде трансттык эсепте сакталып турган. Бирок 4-апрелде президент бул каражат — 53 млн доллар — Кыргызстандын көзөмөлүнө өтөрүн билдирген.

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, бул каражат «экономикага чоң түрткү бериши үчүн толук мамлекеттин карамагында болгон банктарга депозит катары» салынат.

Эркингүл Иманкожоева. Сүрөт: «Азаттык».

«Менде бул акчанын дайынын таппай калабызбы деген коркунуч бар. Бул акчага тийбеш керек. Алтын деген алтын, бирок экология жагы кандай болот, аны эч ким билбейт да. Аны Акылбек Жапаров дагы, Садыр Жапаров дагы билбейт. Экологиялык катастрофа болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан 53 млн. долларга тийбей, кокус кырсык болуп кетсе ошону жоюуга жумшаш керек. Ушундай бүдөмүк суроолорго Акылбек Жапаров кагаз түрүндө элге жооп берип койсо болмок», — деп эсептейт Иманкожоева.

Ал эми талдоочу Руслан Акматбек кокус кенде экологиялык кырсык болсо Кыргызстан эч кимге доомат коё албай калат деп чочулайт.

«Азыр “Центерра Голд” мына ошол дооматтардан [2021-жылдын май айында Октябрь райондук соту 2 млрд доллар төлөп берүүгө милдеттендирген] оңой эле кутулуп кеткендей сезилип жатат. Анткени, бул оңой-олтоң чечиле турган маселе эмес болчу. Анда абдан чоң экологиялык көйгөй жана өндүрүштүк коопсуздук маселеси турат. Алдын албаса, саркынды суулар турган Петров көлүнүн жарылып кетүү коркунучу бар экени айтылган. Жаратылышка тийгизе турган зыяны эбегейсиз болушу мүмкүн. Ошонун бардыгы үчүн жоопкерчиликти алып салып, эгерде бирдеме болсо Кыргызстан доо коё албай турган болуп жатат. Анан калса, азыр ал боюнча ачык-айкын маалыматтар да чыкпай турат», — деп эсептейт талдоочу Руслан Акматбек.

Кумтөрдүн дарамети барбы-жокпу?

Президент Centerra менен келишимге кол коюлганы жарыялаганда кендин «чоң дарамети бар экенин, ал элге дагы узак жылдар бою кызмат кылат» деген.

2019-жылы ошол учурдагы өкмөт Centerra менен Стратегиялык келишим түзгөн. Ага ылайык, Кумтөр кенин иштетүү 2031-жылга чейин узартылган.

«Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд долл киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр да бар», — деп билдирген Жапаров 4-апрелде.

*Ошондой эле «Кумтөрдүн» калдык сактоочу жайында 105 тонна алтын бар экени айтылган. Акылбек Жапаровдун айтымында, жакын арада аталган калдыктын 48%ын казып чыгуу боюнча технологияны өздөштүрүү башталат.

Кумтөрдүн карьери. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Бирок 2020-жылдын октябрында Садыр Жапаров талапкерлиги президенттик кызматка каралып жатканда кенде «запас калбай деле калды, аны мамлекетке кайтаруунун кажети жок» деп билдирген болчу.

«Андан көрө аягына чейин иштетип, Centerra Gold ошол жердеги бузулган тоолорду калыбына келтирип кетсе туура го деген оюмду билдиргенмин. Мен биринчи ушул маселеден баштаймын, аны алабыз мамлекетке деген эч кандай ой жок азырынча, бирок, сөзсүз түрдө чакырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөрдү кыргыз мамлекетине иштетебиз буйруса, аны эми сүйлөшүүлөр жолу менен», — деген анда Жапаров.

Кумтөр кенинде алтын 1997-жылы казыла баштаган. Анда 716 тонна алтындын кору бар деп айтылган. Компаниянын маалыматына ылайык, Кумтөр кенинен 24 жылга жакын аралыкта 400 тонначукул алтын казылып алынган.

Учурдагы бийлик Кумтөрдөн 2022-жылы салыктардан тышкары 500 млн доллар кирешени күтүүдө.

Дооматтардан жана акциялардан баш тартуу

Келишимдин дагы бир негизги шарттарынын бири, эки тарап тең бири-бирине койгон дооматтардан жана бардык соттук талаштардан баш тартышканында.

«Азыркы дүйнөлүк курч кырдаалды жана өзүбүздүн абалыбызды эске алсак жетишилген келишимдин шарттары бирден бир оптималдуу жана биздин пайдабызга, Кыргызстандын мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыгына чечилгендигине ишендире алам. Соттук процесстер жана эл аралык арбитраж узак жылдарга созулуп кетерин билесиздер. Мындан да жакшы шарттарга жетишүү үчүн — биз бери дегенде дагы 5 жыл убактыбызды, он миллиондогон доллар каражатыбызды коротмокпуз, же болбосо, жети-сегиз жылга созулуп тура бермек. Биздин пайдабызга мындан да оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле. Бирок биз ал арада көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз», — деп ишендирген Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы 

25- апрелде «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде, президент келишимди «кыргыз эли үчүн 99% пайдалуу» деп кайталап, баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем деп убадалаган.

«Туура көрсөңөр, “Кумтөр” боюнча азырынча жооп бербей турсам. Анткени өткөндө кол коюшкан келишимибиз үч айдан кийин күчүнө кирет. Күчүнө кирер замат, коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99 пайыз пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем. Мен деле угуп жатам анча мынча былжырактарды. Азырынча былжырагандар былжырап турушсун. Мен бардык сырларды коомчулукка айтып чыккандан кийин уялышар эгер беттери калың болбосо. Ай, бирок ким билет. Андайлар уялып калуу дегенди деле билишпейт экен», — деген ал.

Мындан тышкары, Кыргызстан 4-апрелге карата жалпы наркы $777 млн (978 млн канада доллары) долларды түзгөн Centerra’дагы 26,1% акциясынан баш тартууда. Бийлик муну Кыргызстан «акциялардын эң ири пакетине ээ болгонуна карабастан дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келгени» менен түшүндүрүүдө.

Акылбек Жапаровдун айтымында, Centerra иштеп баштаган жылдардан бери Кыргызстан болгону 74 млн доллар дивиденд алган. Ал эми президент 4-апрелдеги сөзүндө кен Кыргызстандын тышкы башкаруусуна өткөндөн тартып жети айдын ичинде (2021-жылдын 15-майынан тарта) 323 млн доллар киреше алганын билдирген. Centerra бул каражаттарды Кыргызстандын менчиги деп тааныган.

Жетишилген келишимге ылайык, Centerra кыргыз тарапка өткөн жылдын үч кварталы үчүн 11 млн доллар дивиденд, ошондой эле 50 млн доллар бир жолку төлөнүүчү кенемте төлөп берет. Канадалык компания 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча талабынан дагы баш тарткан.

Бирок буга чейин айрым жарандык активисттер акциялардан баш тартууга каршы болуп, Centerra «дүйнөнүн булуң-бурчунда активдери бар трансулуттук компания» экенин белгилешкен.

«Бул акциялардын наркы азыр 700 млн. доллардын тегерегинде бааланууда. Эми ушунун баары өтүп кеткени жатат. Мен так ушул акциялар “омийин” болуп кетет го деп ойлоп аттым эле, ошондой болуп калды. Экинчиден, Кумтөрдүн эсебинен сатылып алынган кендер бар. Монголияда, Тывада, Түркияда, анан мына Канадада кендерде алтын казып жатат. Аларды өтө кымбат баага алышкан. Биз акциялардан баш тартсак, бир эле андан эмес ушул кендерден да кур калабыз», — деген үстүбүздөгү жылдын январынын башында экс-вице-спикер жана экс-депутат Кубанычбек Исабеков «Азаттыкка» маек куруп.

Экономист Азамат Акенеев «Клоопко» курган маегинде экономикалык жактан алганда Кыргызстан эгер тынчтык келишимине барса «бир нерседен кол жууп калышы мүмкүн», бирок ал «Кумтөрдүн» айланасында жаралган абалдан чыгуунун «кынтыксыз» жолу болот деп билдирген.

Анын пикиринде, «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизүү башында эле чоң жаңылыштык болгон. Себеби бул эл аралык компаниялардын жана чет мамлекеттердин элчиликтеринин көзүнчө «инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» катары көрүнүп калган. Ал эгер Кыргызстан мунаса таба алса, анда болуп өткөн окуялардын жагымсыз кесепеттери бир аз «билинбей калат» деп айткан.

Тенгиз Бөлтүрүк менен Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Кийин Кыргызстан менен Centerra’нын ортосунда келишимге кол коюлганы жарыялангандан кийин Бириккен Улуттар Уюму аталган келишимди «кабыл алганы» маалымдалган.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай 15-апрелде минкабдын башчысы менен жолугушууда Кыргызстанды «Кумтөр» маселеси боюнча келишимге жеткени менен куттуктаган.

«Кумтөрдүн» тарыхы же Кыргызстан долбоордогу үлүшүн кантип жоготуп келген?

Кумтөр — Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Ал Борбор Тянь-Шандын чыгыш бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 4000 метр бийктикте, түбөлүк тоңдуктун аймагында жайгашкан. Кумтөр алтын кени 1978-жылы СССР убагында ачылган, бирок аймактын уникалдуу экосистемасын бузуу алуу коркунучунан улам аны өздөштүрүү жылдырылган.

Кыргыз бийлиги менен канадалык «Камеко» корпорациясы кенди иштетүү боюнча 1992-жылы эле келишим түзүшкөн. Кен 1997-жылы гана иштетилип баштаган. Башында Кыргызстан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу «Кумтөр» долбоорунда акциялардын дээрлик 66,67%на, ал эми «Камекодо» 33,33%на ээ болгон.

1998-жылы Кумтөрдө эң ири кырсык жүз берген. Анда Барскоон дайрасына 1 740 килограмм цианид ташып бараткан жүк ташуучу унаа кулап, эки миң адам жабыркап, 17 миң жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган. Натыйжада Жогорку сот Кумтөрдү 17 доогерге эле 400 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

«Ошол окуядан кийин гана (ционид чуусу) “Кумтөрдө” тазалоочу жабдыктар орнотулган. Анын жардамы менен колдонулган суу тазаланып, андан кийин гана дарыяга куюлат, зыяндуу заттардын калдыктары калдык сакталуучу бөлүктө калат», — деген эколог Калия Молдогазиева.

Реструктуризация жана IPO’го кирүү

Экологиялык чуудан кийин «Камеко» реструктуризацияга барууну чечкен. 2004-жылы Кумтөр долбоору реструктуризация тууралуу келишимге кол коюлган. Натыйжада Кыргызстандын жана «Камеконун» бардык акциялары «Камеконун» туундуу компаниясы, канадалык Centerra Gold Inc. ишканасына өткөн.

Кыргызстан Centerra’дан акциялардын расмий 33 пайызын алган, ал эми «Камеконун» үлүшү 67%га көбөйгөн.

Кийин, арадан 10 жыл өткөндө кыргыз бийлиги бул келишимди «эң эле пайдасыз» деп атап, ага кол коюу менен «кыргыз тарап “Кумтөр” долбоорун башкаруу боюнча укугун кыйла чектеген» деп белгилеген.

Кумтөр кени. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Ошол эле 2004-жылы Centerra Gold Inc. IPO’го кирген — Торонто фондулук биржасында акцияларды алгачкы сунуштоо.

Анда Кыргызстандын кандалык компаниядагы акцияларынын үлүшү кайрадан азайган. Бийлик 84 млн долларга акциялардын 17%ын саткан. Ал убакта өлкөнү башкарып, кийин тактыдан кулатылган президент Аскар Акаев, акцияларды сатуудан түшкөн каражат калктын социалдык маселелерин чечүү үчүн атайын фондго түшкөнүн айткан.

Натыйжада «Кыргызалтындын» Centerra Gold’догу акцияларынын үлүшү 15,66%га, ал эми «Комеконуку» — 52,68%га кыскарган. Акциялардын калган 31,66%ы башка акционерлерге таандык болгон.

«Иш жүзүндө кыргыз тарап “Кумтөр” долбоорун башкаруудан айрылып калган. Мамлекеттик комиссия “Кумтөр” кенин реструктуризациялоо боюнча пайдасыз келишимдерди түзүү ошол кезде Кыргызстанды жетектеп турган адамдардын жеке пайда көрүү кызыкчылыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн деп болжойт», — деп жазган Кумтөр боюнча 2013-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссия отчётунда.

2009-жылкы келишим

2005-жылдагы революциядан кийин келген бийлик «Кумтөр» боюнча долбоордун келишимин бир нече жыл кайра карап чыгууга аракет кылган.

2009-жылдын апрелинде кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold жаңы келишимге барган. Андагы бийлик Кыргызстандын үлүшүн 16%дан 32,75%га чейин жеткирилгенин билдирген. Бирок 2012-жылдагы мамкомиссия ошол убактагы өкмөт Кыргызстандын үлүшүн алтын казып алуу үчүн кошумча 16 миң 330 гектар жер берүү аркылуу көбөйткөнүн аныктаган. Муну 2013-жылкы мамкомисия дагы бышыктаган. Ал эми ошол эле 2012-жылы кошумча жер берүү боюнча чечим жокко чыгарылган.

2017-2019-жылкы келишимдер

2016-жылы Centerra Gold тоо-кен иштетүүчү Thompson Creek компаниясын 1 млрд 28 млн долларга сатып алгандыктан Кыргызстандын канадалык компаниядагы үлүшү кайрадан 26,6%га чейин азайып кеткен.

Ал эми 2017-жылы ошол убакта Сапар Исаков башында турган өкмөт узакка созулган сүйлөшүүлөр жана сотко кайрылуулардан кийин Centerra Gold менен Стратегиялык келишим түзгөн.

Ага ылайык, 2009-жылкы келишим күчүн жоготпой, тараптар өз ара дооматтардан баш тартышкан. Буга кошумча Кыргызстан экологиялык мыйзам бузуулар боюнча доомааттарын чакыртып алууга дагы макул болгон.

Исаковдун өкмөтүнүн келишим боюнча, Centerra Gold жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөмдөрдү 310 миңден доллардан 3 млн долларга чейин көбөйтүүгө макул болуп, жаратылышты коргоо фондуна 50 млн, ал эми онкологиялык борборго 10 млн доллар которгон.

Бирок Исаков отставкага кеткендендиктен келишим күчүнө кирбей, Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү аталган келишим «мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бербегендиктен улам» Centerra Gold менен кайра баштан сүйлөшүү жүргүзө баштаган.

Centerra’нын аткаруучу директору Скотт Перри менен Сапар Исаков. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы

Ал эми канадалык компания анын ордуна ар кандай фонддорго төлөмдөрдү көбөйтүү убадасын берген:

  • Жаратылышты коргоо фондуна бир жолку төлөмдү төлөө — $50 млн;
  • Онкологиялык кызматты колдоо фондуна бир жолку төлөмдүү төлөө — $10 млн;
  • рекультивациянын трасттык фондуна — жыл сайын $6 млн;
  • ошондой эле айлана-чөйрөнү булгоо үчүн кенемте $3,7 млн чейин көбөйтүлгөн;
  • мындан тышкары, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлүп, ага Кумтөрдүн ишинен түшкөн дүң кирешенин 0,4%ы которулуп турушу керек болчу;
  • 2019 жана 2020-жылы канадалык компания дагы $10 млн төлөп бериши керек болчу. Каражаттарды Ысык-Көл облусунан тышкары башка облустарды да өнүктүрүүгө жумшоо пландалган.