Канаданын элчиси Кыргызстан менен «Центерранын» келишимине комментарий берди

Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон Centerra Gold, «Кыргызалтын» жана Кыргызстандын бийлигинин ортосунда «Кумтөр» боюнча келишимге кол коюлганын кубаттады. Бул тууралуу билдирүүсүн элчи Твиттер барагында жазды.

Ал келишимге кол коюу Кыргызстандын келечекте өнүгүшү үчүн ишкердик жана инвестициялык климаттын жакшырышына карай позитивдүү сигнал болмок деп эсептейт.

«Жакынкы арада келишимдин бардык шарттары толук аткарылып, тараптар келечекте ийгиликтерге жетише алат деп ишенем. Ушул жылы, Канада менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык алака түзүлгөнүнүн 30-жылында өлкөлөр ортосунда көптөгөн артыкчылыктуу багыттар боюнча өнөктөштүк мамилелер чыңдалат деп үмүттөнөм», — деп жазды элчи.

Садыр Жапаровдун билидрүүсү

Социалдык чөйрөнүн кызматкерлери менен болгон републикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров Кыргызтан жана канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы 4-апрелде Кумтөр кени боюнча тынчтык келишимине кол коюшарын билдирген.

Ошол эле күнү кечки саат 18:30да КТРКнын, облустук жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде Садыр Жапаров өлкө элине кайрылуу жасаган.

Кайрылууда президент Кумтөр кени толук жана биротоло Кыргызстанга кайтарылганын жарыя кылган. Бул Кыргызстандын канадалык Centerra Gold Inc. менен «ажырашуусу» расмий түрдө ишке ашты дегенди билдирет.

Кыргызстан эмнеге ээ болот?

Президенттин айтымында, мындан ары «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100%ы — «Центерранын» туундуу ишканалары Кыргызстанга таандык.

Канадалык компания өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди дагы төлөп берет — болжол менен 11 млн доллар. Мындан тышкары, «Центерра» Кыргызстанга 50 млн доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет.

Ошондой эле кыргыз тарап буга чейин Лондондун банктарынын биринин эсебинде сакталып келген «Кумтөрдүн» рекультивациялык фондунан 53 млн доллар алат.

Мындан тышкары, канадалык компания Кыргызстанга каршы демилгеленген бардык соттук процесстерди токтотот: АКШда, Швецияда жана Канадада.Президенттин айтымында, мурда эгерде Кыргызстан «Центеррандан» символикалуу көлөмдө гана дивиденддерди алып келген болсо, кен Кыргызстандын тышкы башкаруусуна өткөндөн бери 323 млн доллар алды.

Centerra эмнеге ээ болот?

Жапаровдун айтымында, «Центерранын» 26,1% акциясына ээлик кылган «Кыргызалтын» мамлекеттик компаниясы алардан баш тартат. 4-апрелге карата бул акциялар пакетинин баасы 778 млн доллардан ашуун турат.

Кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотот.

«Центерранын» билдирүүсү

Канадалык компаниядан Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жана ал айткан келишимдин чоо-жайын тастыкташты. Компаниянын 4-апрелдеги билдирүүсүндө тараптардын ортосундагы тынчтык келишиминин башка да чоо-жайы камтылган.

Алсак, Кыргызстан Кумтөр кени жана анын рекультивациясы үчүн «толук жоопкерчиликти» өзүнө алган.

«Кумтөр» долбоору менен «Центерранын» ортосунда түзүлгөн бардык макулдашуулар күчүн жоготот.

Канадалык компаниянын директорлор кеңешинен «Кыргызалтындын» эки өкүлү чыгат. Кыргызстан мамлекеттик компания аркылуу «Центерранын» 26,1% акциясына ээлик кылып келген жана канадалык компаниянын директорлор кеңешинде «Кыргызалтындын» үч өкүлү бар болчу.

Кыргызстандын башкаруусундагы «Кумтөр»

Centerra Gold өзүнүн «туундуу» компаниясы «Кумтөр Голд Компани» аркылуу Борбор Азиядагы ири кен деп эсептелген Кумтөрдү иштетип келген. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылып келген жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелчү

17-майда кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизип, Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук соту «Центерраны» Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды мыйзамсыз төккөнү үчүн мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар төлөп берүүгө милдеттендирген. Кийин Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамкомиссия «Центеррадан» экологиялык зыян үчүн буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Канадалык компания кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген болчу.