Эгемен Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында өлкөнү алты президент башкарып, ал эми Конституция он ирет алмаштырылган. Дээрлик ар бир өзгөрүү бийлик башындагылардын мүдөөсүнө кызмат кылып, алар болсо түзөтүүлөрдүн зарылдыгын жарандардын кызыкчылыгы менен түшүндүрүшкөн. Конституция кантип өзгөргөн?
Конституция күнү Кыргызстанда жыл сайын 5-майда майрамдалат — бул күнү 24 жыл мурун Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети СССРден эркиндик алгандан бери өзүнүн биринчи Конституциясын кабыл алган.
Конституциянын долбоору 1991-жылы эле түзүлгөн, бирок азыр «легендарлуу парламент» деп аталган Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышы аны талкуулап, кабыл алышына дагы эки жыл кеткен.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин тушунда Конституция беш жолу алмашты. Конституциялык кеңешмеге Өмүрбек Текебаев жана Данияр Нарымбаев сыяктуу саясатчылар кирген. Башмыйзам өзгөргөн сайын президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп гана жүрүп отурду.
Президенттин ыйгарым укуктарынын көбөйүшү
Эгемен Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында өлкөнү алты президент башкарып, ал эми Конституция он ирет алмаштырылган. Дээрлик ар бир өзгөрүү бийлик башындагылардын мүдөөсүнө кызмат кылып, алар болсо түзөтүүлөрдүн зарылдыгын жарандардын кызыкчылыгы менен түшүндүрүшкөн. Конституция кантип өзгөргөн?
Конституция күнү Кыргызстанда жыл сайын 5-майда майрамдалат — бул күнү 24 жыл мурун Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети СССРден эркиндик алгандан бери өзүнүн биринчи Конституциясын кабыл алган.
Конституциянын долбоору 1991-жылы эле түзүлгөн, бирок азыр «легендарлуу парламент» деп аталган Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышы аны талкуулап, кабыл алышына дагы эки жыл кеткен.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин тушунда Конституция беш жолу алмашты. Конституциялык кеңешмеге Өмүрбек Текебаев жана Данияр Нарымбаев сыяктуу саясатчылар кирген. Башмыйзам өзгөргөн сайын президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп гана жүрүп отурду.
Президенттин ыйгарым укуктарынын көбөйүшү
Биринчи жолу Конституцияга 1994-жылдын 22-октябрында түзөтүү кирди — анда өлкөнүн Баш мыйзамына ага киргизиле турган өзгөртүүлөр жана жаңы мыйзамдар мындан ары референдум аркылуу кабыл алынышы мүмкүн экени жазылды. Андан тышкары, мыйзамдарды эки палаталуу Жогорку Кеңеш кабыл алаары аныкталды.
Экинчи жолу Конституция 1996-жылдын 10-февралында өзгөрүүлөргө дуушар болду. Киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу өкмөт иш жүзүндө президенттин көзөмөлүнө баш ийип калды. Парламент өкмөттүн баарын кызматтан кетире алган эмес, бирок премьер-министрге ишенимден баш тартуу вотумун жарыялай алган. Ырас, эгерде премьер-министр кызматтан кетсе, өкмөт мүчөлөрү да кетиши керек болгон.
Өлкө президенти министрлерди жана жергиликтүү администрация башчыларын дайындоого укук алды. Президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, эми парламент президентти кызматынан кетирүү маселесин карай алса да анын чечимдерине таасир эте албай калды. Президент болсо өз кезегинде парламентти таратып жибере ала турган болду.
Конституцияга кезектеги өзгөртүүлөр 1998-жылдын 17-октябрында киргизилди. Түзөтүүлөрдүн негизги пункту жеке менчик маселеси болду. Башмыйзамга жер жеке менчикте болушу мүмкүн экендиги, мамлекет аны коргошу зарыл экендиги жазылды. Мындан тышкары, мамлекет Кыргызстандын кен байлыктарын, ресурстарын, флорасы менен фаунасын коргоого милдеттендирилди.
Депутаттыкка шайланыш үчүн эң төмөнкү курак 25 жашка чейин төмөндөтүлүп, болочок парламент өкүлү шайланганга чейин Кыргызстанда беш жыл бою жашашы милдеттүү болбой калды.
Ошондой эле сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол бербей турган түзөтүүлөр кирди.
2001-жылдын 24-декабрында киргизилген өзгөртүүлөр тилдерге тиешелүү болду. Кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий статус алып, аз улуттарга өз тилин сактап калууга жана анда сүйлөшүүгө укук берилди.
Конституциянын 2003-жылдын 18-февралындагы редакциясында сегиз пункттан турган көлөмдүү түзөтүүлөр кирди. Алар мамлекеттин өзүнө, жарандардын укуктары менен эркиндигине, президенттик бийликке, депутаттардын ыйгарым укуктарына, прокуратурага жана сотторго тиешелүү болду.
Президентке экиден көп жолу катары менен шайланууга мүмкүнчүлүк берилди – ошентип Аскар Акаев дагы бир президенттик мөөнөткө укук алды.
Киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, президент өкмөттүн түзүмүн аныктап, премьер-министрди дайындап, Улуттук коопсуздук кызматын (УКК - азыркы УКМК) дайындап же жоюп салганга жол ачты. Ошондой эле президенттен башкы прокурордун, соттордун жана Улуттук банктын төрагасынын дайындалышы көз каранды болуп калды.
2003-жылдын редакциясынан кийин Аскар Акаев бийликти узурпациялоо тууралуу дооматка кабылды.
Партиялык тизмелер
2006-жылдын ноябры менен декабрында, Аскар Акаев бийликтен кулатылгандан кийин, Конституциянын эки варианты кабыл алынды, бирок экөө тең 2007-жылдын 14-сентябрында күчүн жоготту. 2003-жылдын редакциясындагы Конституция күчүнө кирди.
2007-жылдын 23-октябрында, президент Курманбек Бакиевдин тушунда 1993-жылдын үлгүсүндөгү, бирок жаңы редакциядагы Конституция кабыл алынды. Анын долбоору Данияр Нарымбаев тарабынан даярдалган. Ага ылайык президент беш жылга шайланып, эки мөөнөттөн ашык талапкерлигин кое албай турган болду. Парламентке партиялык тизме менен гана өтүү мүмкүн болуп калды.
Президенттик Конституциядан парламенттик Конституцияга
2010-жылы 27-июнда, Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин, өткөөл мезгилдин президентии Роза Отунбаева жаңы Конституцияга кол койду.
Өлкөнүн башкаруусу президенттик формадан парламенттик формага өзгөртүлдү. Президент алты жылдык бир мөөнөткө шайланып, кийин кайра шайлоого катышуу укугунан ажыратылды. Депутаттардын саны көбөйүп, бирок диний жана улуттук негизде партия түзүүгө тыюу салынды.
Адам укуктарына көп көңүл бурулуп, өлүм жазасына мораторий киргизилди. Европа кеңешинин Венеция комиссиясы ал тургай кыргыз Конституциясынын долбоору «мактоого татыйт» деп токтом чыгарды. Жаңы Конституция менен кошо ага түзөтүү киргизүүгө мораторий коюлду. Тыюу 2020-жылга чейин салынган.
Премьер-министрдин күч алышы
Бирок мораторий 2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жолтоо боло алган жок.
Түзөтүүлөр боюнча Кыргызстан адам укуктары жаатындагы эл аралык келишимдердин өлкө мыйзамдарына кылган үстөмдүгүнөн баш тартып, бийлик болсо кимдир-бирөөнөн террорчулук боюнча шек санаса аны жарандыктан ажыратууга укук алды.
Премьер-министрдин ыйгарым укуктары ал бир эле учурда парламент депутаты боло алгандыгы менен күчөтүлдү. Азыр өкмөт парламентке отчёт берип, ал аны кызматтан кетирүүгө укугу бар.
Эми премьер-министр парламент өкүлү да боло алгандыктан ал депутаттардын чечимине таасир тийгизе алат. Эгерде премьер-министр кызматтан түшсө ал мурдагыдай эле эл өкүлү катары ишин уланта берет. Премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн да кызматтан кетирсе болот (мурда бул президенттин ыйгарым укугу болчу).
Түзөтүүлөр парламент менен президенттин сотторго тийгизе турган таасирин да камтыйт. Президент менен парламенттин өкүлдөрү соттордун бузумдарын карай турган тартип комиссиясына кирет.
Азыр аны менен курамына соттор гана кирген Соттор кеңеши алектенүүдө. Бул комиссияда президент менен парламент өкүлдөрүнүн болушу сотторго таасир тийгизүү каражатын камсыз кылат.
Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүүдөн тышкары бардык түзөтүүлөр күчүнө кирди – ал болсо 2017-жылдын аягында Алмазбек Атамбаевдин башкаруу мөөнөтү бүткөндөн кийин гана күчүнө кирет.
Депутаттарды азайтуу — президенттин бийлигинин көбөйтүү
Садыр Жапаров бийликке келери менен кошо Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүнү чечкен кезектеги президент болду.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 120дан 90 чейин кыскартуу негизги өзгөртүүлөрдүн бири болду. Муну менен катар депутаттарды шайлоо тартиби да өзгөртүлдү.
Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасына алмаштырылган. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы, ал эми 36 эл өкүлү мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.
Жапаров Конституцияны өзгөртүү менен Кыргызстанга президенттик башкаруу формасын кайтарган. Мында президентти кызматтан четтетүү процедурасы дагы татаалдаштырылган. Ошондой эле президент өлкө башчылыгына эки жолу шайлана алат. Бир мөөнөт беш жылга барабар.
Президентке жаңы ыйгарым укуктарды берген дагы бир нече маанилүү өзгөртүүлөр: парламентке өз мыйзам долбоорлорун киргизүү укугу, райондук администрациялардын башчыларын дайындоо жана өз демилгеси менен референдум өткөрүү укугу.
Жапаров президенттик кызматка келгенче чейин да, келгенден кийин да Конституцияны өзгөртүүнүн башкы демилгечиси болгон. Конституциянын жаңы долбоору активисттер, юристтер жана эл аралык коомчулук тарабынан бир нече жолу сынга алынган.
Дүйнөлүк деңгээлдеги конституциялык укук боюнча юристтерден турган Венеция комиссиясы Кыргызстандагы Конституциялык реформанын олуттуу кемчиликтери бар экенин айтышкан.
Комиссиянын эксперттери өлкөнүн Баш мыйзамынын үстүндө иштеген Конституциялык кеңешменин легитимдүүлүгүн күмөнгө коюшкан. Ошондой эле, эксперттер ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылы күзүндө эле бүтүп калган депутаттар конституциялык реформаны бекитүүгө укуктары жок болгон деп эсептешкен.
Комиссиянын корутундусунда, Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин бийликтин башка бутактарынын үстүнөн чектен тыш үстөмдүгү жазылып, парламенттин ролу солгундап калганы айтылган. Мунун баары мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун негиздерине зыян келтирүү тобокелдигин жаратат.