«Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсүн алып Кыргызстандан «айла жок» чыгып кеткенин билдирди. «Би Би Сиге» курган маегинде манасчы «Манас айылынын» курулушу, президенттин иш-аракеттери жана өзүнүн алдыдагы ишмердүүлүгүнө токтолду.

«Мен үчүн өз жеримден кетип калыш оюнчук эмес»

Дөөлөт Сыдыков жана Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Дөөлөт Сыдыков бийлик тарабынан мурда эле кысым болуп келгенин белгиледи. Ал үй-бүлөсүн алып өлкөдөн чыгып кетишине так эмне себеп болгонун айтуудан баш тартты. Анын себебин манасчы «үй-бүлөмө тынчтык» керек деген жүйөө менен түшүндүрдү.

«Мурда эле басым болуп келген. Эми анын ачык даанасын айтканда деле, мага, үй-бүлөмө тынчтык керек, ошого айткым да келбей жатат [...] Жумуштан дагы кысым боло баштады. Эмгек өргүүсүндө жүрсөм, чакыртып алып сөгүш башталды. Күмөн санаса санай берсин, мен үчүн өз жеримден кетип калыш тамаша эмес же оюнчук эмес да», — деди ал.

*Манасчы 26-апрелде президент Садыр Жапаров маданият министри Азамат Жаманкулов аркылуу «коркутуп салам дубай жолдогонун» Фейсбук барагына жазып чыккан.

Сыдыков саясатчы эмес, манасчы экенин айтып, «Кыргызстанда мамлекет үчүн, манадият үчүн жана “Манас” үчүн эки киши күйсө, ошонун бири менмин. Эгер бир эле киши күйсө, анда ошол менмин» деп баса белгиледи.

«Мен бул жерден айла жок кеттим да, айла жок кеттим. Сиз айткандай мен саясатчы эмесмин, мен манасчымын. Эми кудай башка салганды көрөбүз. Мен кайда болсом дагы “Манасты” даңктай берем, барктай берем», — деди ал.

«Манас айылы» тууралуу

Манас айылы.

Сыдыков бийлик «Манас айылын» башынан эле «көчүрөбүз, алабыз» деп келишкенин эскертти. Ал комплекстин жетекчиси болгондуктан, жерди коргогонун белгиледи.

«Нургалы Асаналиев [ред: чет өлкөлүк студенттерди «алдоого» айыпталган ишкер], Марат Турсунбеков [ред: Социалдык-экономикалык, административдик объектилерди куруу дирекциясынын башчысы], Дамирбек Асылбек уулу [ред: Казакстанда аткезчилик боюнча соттолгон экс-депутат] менен урушканда бир топ кишилер бар болчу. Ошолордон улам эми ушундай кысымдар болуп атат», — деди ал.

Сыдыков «Манас» театрында иштеген «кээ бир манасчы сөрөйлөр айлыгын акташ үчүн айылдын жерин бере берди» деп билдирди.

«Туура, бул [жер] президенттин иш башкармалыгына караштуу, бирок Манастын жери. Бул “манасчы болмуштар” эч убакта өздөрүнүн кызыкчылыгынан “Манасты” жогору койбойт. [...] Манас атабыздын жеринде Манастын өзүнө орун жок болуп калган заманга келип калыптырбыз, бул жакшы эмес да», — деп кейиди ал.

Манасчы президент Садыр Жапаровдун «“Манас айылын” жаңылап салабыз» деген түшүндүрмөсүн «калп» деп атады.

«Анын баары калп. Башында келгенде эле Нургалы Асаналиев “Бул жерди алып, артын түздөйбүз, андан ары жагын оңдойбуз, батыш тарабындагы ээн жерге үйлөрдү салабыз” деген. Андан мурда Марат Турсунбеков арабдарды алып келип, эч кимди көзгө илбей кирип келип, көрсөтүп эле жүргөн», — деди

«Театр ачып койгон менен эле иш бүтпөйт»

«Манас айылынын» жаңы планы.

Сыдыков өткөн жылы «Манас айылы» боюнча окумуштуу, илимпоздордон турган топ концепция кабыл алып, конкурс өткөргөнүн кошумчалады. Ал бийлик бир жылдан бери оңдоп, даярдалган долбоорду ишке ашырбай, «Манас айылынын» айланасында чыр чыкканда башка долбоор сунуштап «элди алдап койду» деген пикирде.

«“Манастын айылын кура албайбыз, көчүрүш керек. Өйдө жакка алып барыш керек. Жок, жок” деп келип туруп, “Манас айылынын” чегин бузуп киргенде, чыркырап айтып чыктык, даяр турган долбоорду жасап, ишке ашырбай, эки күндө эле даярдай коюп “мына ушуну салабыз” деп элди алдып койду. Бул жакты салабыз деген эмес, жөн эле парк кылып оңдоп коёбуз деп атышкан», — деди ал.

Манасчы «Жапаров баштаган бийлик “Манаска” оң көз менен карап, жакшы шар түзүп жатат» деген пикирге «театр ачып, манас айткандарды артист кылып койгон менен эле иш бүтпөйт да» деп жооп берди.

5-майда «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков кызматын өткөрүп, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Ал «кысымга кабылганын» тастыктап, бирок окуянын чоо-жайын айтуудан карманган.

«Манас айылынын» айланасындагы чыр

14-апрелде бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо дагы көтөргөн. Ал маданий комплекске бастырып кирип, талкалоо иштерин жүргүзүүнү кескин сынга алган.

Ошол эле күнү президенттин басма сөз кызматы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин 5 сотых жериндеги темир тосмолор жаңы Ак үйгө караштуу жерди түздөш үчүн алынып жатканын кабарлаган.

25-апрелде президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, «Манас айылы» Сыдыковдун менчиги эмес экенин белгилеп, айыл жаңы салынчу Ак үй чектеш болгондуктан, жерди түздөш үчүн тосмолору алынганын айткан.

Жапаров ошол эле маегинде жаңы президенттик администрациядан тышкары, жаңы Ак үйдүн жанында бардык министрликтерге да бир имарат салынарын айткан.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жаңы административдик имараттар «Манас айылынын» жерине эмес, Бишкек шаарынын түштүк аймагына курулат деп ишендирген.

Тема боюнча:

Манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени айтылды

«Манас айылы» этнографиялык комплексинин аймагы кеңейтилип, музей жана үч кабат боз үй курулат