«Манас айылы» этнографиялык комплексинин аймагы кеңейтилип, музей жана үч кабат боз үй курулат

Бийлик Бишкектеги «Манас айылы» этнографиялык комплексин реконструкциялайт. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде президент Садыр Жапаров «Манас айылы» этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты.

Жапаров комплексти атына татыктуу кылып, борбордун тургундары, коноктору убактысын ырахат менен өткөрө тургандай калыбына келтирүү милдети турат деп белгиледи.

Долбоорго ылайык, комплекстин аймагы үч гектардан сегиз гектарга чейин кеңейтилет.

«Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башкаларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган үч кабаттуу боз үй куруу пландалууда. Ошондой эле, комплекстин аймагына “Манас” театры менен “Манас” музейин жайгаштыруу пландалууда», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Жапаров курулуш иштерин тез арада баштоону тапшырды. Бирок реконструкция качан башталары тууралуу так маалымат берилген жок.

«Манас айылынын» айланасындагы чыр

12-апрелде «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин жеткечиси Дөөлөт Сыдыков «Ысык-Көл» мейманканасын бузуп аткан компаниянын кызматкерлери «Манас айылынын» тосмосун мыйзамсыз бузуп жатканын айтып чыккан.

Эртеси күнү эле президенттин басма сөз кызматы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекстин 5 сотых жериндеги темир тосмолор жаңы Ак үйгө караштуу жерди түздөш үчүн алынып жатканын кабарлаган.

25-апрелде президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек куруп, «Манас айылы» менен жаңы салынчу Ак үй чектеш болгондуктан, жерди түздөш үчүн тосмолору алынганын айткан.

Аны менен катар Жапаров жаңы президенттик администрациядан тышкары, жаңы Ак үйдүн жанында бардык министрликтерге да бир имарат салынарын айткан.

Ал эми коплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков «Манас айылынын» тосмолору бузулуп жатканда Президенттин иш башкармалыгы «мыйзамдуу документтерди көрсөтө албаганын» айтып нааразы болгон. Манасчы, эгерде комплекстин жери жаңы Өкмөт үйүнө керек болсо, мыйзамдуу чечим чыгышы керек эле деп эсептейт.

Тема боюнча:

Президенттин коркутуусу жана жаңы Өкмөт үйү. Манасчы Дөөлөт Сыдыков Жапаровго жооп кайтарды