Манасчы Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени айтылды

Дөөлөт Сыдыков.

Бишкектеги «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков кызматын өткөрүп, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени айтылды. Маалыматты Сыдыков өзү «Азаттык» үналгысына тастыктады.

Басылма манасчы кайсы өлкөгө чыгып кеткенин жана мындай кадамдын себебин түшүндүрбөгөнүн белгиледи. Ошондой эле ал «кысымга кабылганын» тастыктап, бирок окуянын чоо-жайын айтуудан карманган.

«Жумушумду өткөрүп берип, кетүүгө туура келди», — деген ал.

Манасчы Кыргызстандан чыгып кеткенин буга чейин соцтармактын колдонуучулары жазып чыккан.

Буга чейин Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин «белгисиз топ басып алууга аракет кылып жатканын» билдирип коомчулукка кайрылган. Көп өтпөй Сыдыков «МедиаХаб» басылмасына маек куруп, комплекстин айланасындагы чыр боюнча түшүндүрмө берген.

Ал «Манас айылынын» жери 2021-жылдын декабрь айынан бери талашка түшүп жатканын белгилеп, этнографиялык комплекстин ордуна президенттин администрациясынын жаңы имаратын куруу пландалып жатканын айтып нааразы болгон.

Ал эми 26-апрелде Сыдыков президент Садыр Жапаров маданият министри Азамат Жаманкулов аркылуу «коркутуп салам дубай жолдогонун» Фейсбук барагына жазып чыккан.

30-апрелде Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агентигине маек куруп, «Манас айылы» этнографиялык комплексин реконструкцияланып, комплекстин аймагына «Манас» театры менен «Манас» музейин жайгаштыруу пландалып жатканын айткан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Манас айылы» этнографиялык комплексинин аймагы кеңейтилип, музей жана үч кабат боз үй курулат

Дөөлөт Сыдыков: Нургалы Асаналиев президенттен келдим, «Манас айылынын» жерине Ак үй курабыз деди

Президенттин коркутуусу жана жаңы Өкмөт үйү. Манасчы Дөөлөт Сыдыков Жапаровго жооп кайтарды