Каракол шаарында бир үй-бүлөнүн эки кызы жол кырсыгынан каза болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жол кырсыгынан эки кыз каза болду — бири эки жашта болсо, экинчиси жетиде. Кырсыктын кесепетинен дагы эки окуучу кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

ИИМдин Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя 4-май күнү 15:20 чамасында болгон. Анда «Тойота-эстима» үлгүсүндөгү унаанын 48 жаштагы айдоочусу Кадыр-Аке көчөсүнө келгенде рулду башкара албай, бордюрду сүзгөн.

Айдоочу тергөө учурунда «кызы жерге түшүрүп алган семичкени алып берем деп алаксып кеткенин» айткан.

Кырсыктын кесепетинен айдоочунун бир кызы жеринде каза болуп, экинчиси ооруканын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми унаанын ичиндеги 11 жана тогуз жаштагы окуучулар шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды.

Үстүбүздөгү жылдын 2-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда эл ташыган «Хонда-Степ» менен «Митсубиси» үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, эки киши каза болгон. Авариядан дагы 10 киши жабыркаган.

Ички иштер министрлиги үстүбүздөгү жылдын төрт айында эле Бишкек — Ош унаа жолунун 6-60-чакырымында 74 жол кырсыгы катталып, 12 адам көз жумганын билдирген. Кырсыктарынан 96 адам ар кандай жаракат алган.