ИИМ: Бишкек — Ош унаа жолунда акыркы төрт айда жол кырсыгынан 12 адам көз жумду

Бишкек — Ош унаа жолунун 6-60-чакырым бөлүгүндө үстүбүздөгү жылдын төрт айында 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, жол кырсыктарынан 96 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

ИИМден түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар көп катталып жатканын, буга көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу дагы себепкер экенин белгилешти.

Ведомствонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы унаа жолдо кырсыктардын алдын алуу иштери тынымсыз жүрүп жатканын кошумчалады.

«Үстүбүздөгү жылдын 3 айында Сокулук, Москва, Жайыл райондорунда 493 жөө жүргүнчү жоопкерчиликке тартылган. Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу жана камсыз кылуу максатында жолдун аталган бөлүгүндө комиссиялык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө»,— деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 2-май күнү Жалал-Абад облусунун Бишкек — Ош унаа жолунда эл ташыган «Хонда-Степ» менен «Митсубиси» үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, эки киши жеринде каза болгон. Кырсыктын кесепетинен дагы 10 киши жабыркаган.