Өзгөн: Кемпир-Абад суу сактагычына эки өспүрүм чөгүп кетти

Кемпир-Абад. Сүрөт: Kloop

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын 14 жана 15 жаштагы тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кетти. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Каргашалуу окуя 2-май күнү саат 14:00 дөр чамасында катталган. Балдардын сөөгүн айылдаштары ошол эле күнү кечки саат 22:30 чамасында суудан алып чыгышкан.

Дарыгерлер сырттан кароо жүргүзүп, өспүрүмдөр сууга чөгүп каза болгонун тактаган. Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.

Аны менен катар, милициядан Кемпир-Абад суу сактагычына чөмүлүүгө тыюу салынары тууралуу жазуулар илингенине карабай, сууга түшкөндөр болуп жатканын белгилешти.

Былтыр июнь айында Жалал-Абад облусунда 17 жашар бала Кемпир-Абад каналына чөгүп кеткен.

Андан соң 10-августта 15 жаштагы тургундун сөөгү Кемпир-Абад каналындагы көпүрөнүн алдынан табылган.