Сузак: Кемпир-Абад каналына агып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды

Жалал-Абад шаарынын 15 жаштагы тургунунун сөөгү Кемпир-Абад каналындагы көпүрөнүн алдынан табылды. ӨКМдин кызматкерлери сөөктү 10-августта жакындарына өткөрүп беришти.

Өспүрүм мындан бир күн мурун Кемпир-Абад каналына сууга түшүп жатып агып кеткен болчу. Издөө иштерине 32 кызматкер тартылган.

Жай мезгилинин башынан бери сууга чөгүп каза болгон өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө. Жалал-Абад облусунун өзүндө эле 1-июнда 17 жашар өспүрүм Кемпир-Абад каналына чөгүп кеткен.

Ал эми 17-майда Сузак районунда 6 жашар бала мал айдап баратып Канжыга дарыясына агып кетип көз жумган.

Мындан сырткары, 20-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы суу сактагычтарына үч өспүрүм бир күндө чөгүп каза болгон.

ӨКМ жарандарга сууга түшүүдө этият болууну жана ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоону эскертет.

Тема боюнча:

Сузак: Кемпир-Абад каналына агып кеткен өспүрүмдүн сөөгү изделүүдө