Юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдарга чакан грант берүү долбооруна тиешеси жоктугун айтты

Юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттик чакан гранттарды берүү үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелебегенин билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, долбоорду коштогон билдирүүдө көрсөтүлгөн байланыштар жана электрондук почта дареги Юстиция министрлигине караштуу эмес.

«Министрликти демилгечи катары туура эмес жана макулдашылбай көрсөтүлгөн жагдай тиешелүү түрдө изилденет», — деп билдиришти мекемеден министрлик тарабынан демилгеленген бардык долбоорлор коомдук талкуулар порталына жайгаштырыларын кошумчалап.

Ал арада «Клооптун» журналисттери долбоорду коштогон билдирүүдө байланыштары көрсөтүлгөн президенттин администрациясынын бөлүмүнүн эксперти Кубан Айдаралиев менен байланышышты. Ал мыйзам долбоорун сайтка жайгаштырганын, бирок учурда аталган кызматта иштебей калганын айтты.

«Мага аталган долбоорду минкабдын сайтына жайгаштыруу тапшырмасы берилген. Ошол учурда мен долбоорду сайтка өзүмдүн атымдан киргизе албайт болчумун, себеби менде юстиция министринин колу менен коштолгон кат бар болчу. Ошондуктан аны Юстиция министрлигинин аты менен жайгаштыргам. Ал [долбоор] буга чейин бизге Юстиция министрлигинен келген. Бирок катта министрлик долбоорду андан ары сүрөмөлөбөсү жазылган. Эмне болуп кеткенин, эмне үчүн мындай болгонун өзүм деле жакшы түшүнө албайдым», — деди ал.

Айдаралиев долбоорду андан ары сүрөмөлөө боюнча чечим коомдук талкуунун жыйынтыгынан кийин кабыл алынарын дагы кошумчалады. Ошол эле учурда, анын айтымында, кайндай гана долбоор болбосун иштеп чыккан тарап аны ишке ашыруудан баш тартып жатса да талкууланышы керек.

«Юстиция министрлиги долбоорду ишке ашыруудан баш тартып жатканын сайтка жайгаштыргандан кийин гана билдим», — деп кошумчалады ал.

Долбоор эмне жөнүндө?

Юстиция министрлиги чакан гранттарды берүү үчүн коммерциялык эмес уюмдардын ортосунда конкурс өткөрүүнү сунуштаган.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде акыркы учурда президент Садыр Жапаров менен минкабга «каршы багытталган» сындар күчөгөнү айтылат. Долбоордун авторлорунун пикиринде, бул аталган уюмдарды мамлекеттик бюджеттен каржылоо жоктугуна байланыштуу. Юстиция министрлигинин пикиринде, сындар менен кошо бийликке болгон ишеним маселеси боюнча «критикалык изилдөөлөрдүн» жыйынтыктарын изилдөө жана жайылтуу менен алектенген коммерциялык эмес юумдарды каржылоо да күчөп бара жатат.

Юстиция министрлиги коммерциялык эмес уюмдарды каржылоо аркылуу мамлекеттин кызыкчылыгын коргоону сунуштап жатат. Документке ылайык, каржылык колдоо алган коммерциялык эмес уюмдар бир тараптуу маалымат берилбеши үчүн жарыяланган «сын материалдарга» каршы аракеттенишет.

Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 100 млн сом бөлүү сунушталууда.