Роза Отунбаева 9-майда митинг-реквиемге эмне себептен келбегенин айтты

Экс-президент Роза Отунбаева Улуу Ата Мекендик согуштун 77 жылдыгына арналып өткөн митинг-реквиемге эмне себептен катышпаганын түшүндүрдү.

Отунбаева АКИpress басылмасына курган маегинде, өзүн начар сезгендиктен иш-чарага катыша албай калганын айтты.

«Бир гана ушул себеп болду», — деди экс-президент.

Буга чейин президенттин басма көз катчысы Эрбол Султанбаев экс-президент Роза Отунбаева иш-чарага чакырылганын, бирок келбегенин маалымдаган.

«Сөзсүз чакырылган. Эмне үчүн келбегенин өзүнөн такташ керек», — деген Султанбаев.

Жеңиш күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун катышуусунда болгон митинг-реквием 9-майда өткөн. Президенттин басма сөз кызматынан өлкө башчысы менен катар Өчпөс отко экс-президент Сооронбай Жээнбеков, парламенттин спикери Талант Мамытов жана башка аткаминерлер гүл коюшканын кабарлашкан.

Мамлекеттик масштабдагы иш-чараларга адатта өлкөнүн экс-президенттери катышат.

Митинг-реквием

Буга чейин Коргоо министрлигинен «Клооптун» кабарчысына Бишкекте 9-майда Жеңиш күнүнө карата парад болбойт деп билдиришкен.

Кыргыз бийлиги параддан баш тартканынын себебин ачыктаган эмес, бирок Орусия Украинага кол салган шартта мындай иш-чараны өткөрүү Орусия Федерациясын колдоо катары кабылданып калышы мүмкүн. Кыргыз бийлиги Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта орток позицияда экенин бир нече жолу белгилеген.

Министрликтен калаанын Жеңиш (Өчпөс от) аянтында митинг-реквием өтөт деп билдиришкен. Ага согуштун ардагерлери, тылда эмгек кылгандар, ошондой эле шаар тургундары менен коноктору катышарын кабарлашкан.

«Ошондой эле гүлчамбар коюу аземи, аскердик каша жана “Өлбөс полктун” жүрүшү өтөт», — деп билдиришкен Коргоо министрлигинен.