Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишттин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышып, ардагерлерди жана оорукта кызмат өтөгөндөрдү куттуктады.

Президент өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду эскерди.

«Биз, кийинки муун – кайсы убакта, кайсы жерде болбосун, кан майданда курман болгондорду эскерип, ардагерлерибиздин алдында башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бейпил турмуш, эркин жашоо, жаркын келечек үчүн кан төккөн ата-бабаларыбызга ар убак милдеттүү экендигибизди унутууга акыбыз жок!» — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.

Митинг-реквиемге экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана башкалар катышты.

1941-1945-жылдары аралыгында фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы кайтпай калган.

2022-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда согуштун 146 ардагери калганын билдирген. Фашизмге каршы согуштун ардагерлерине мамлекет ай сайын 7 миң сомдон, ал эми Жеңиш күнүнө карата бир жолку акчалай жардам тапшырып келет. Быйыл ар бир ардагерге 100 миң сомдон берилери маалымдалган.

Тема боюнча: Жеңиштин 77 жылдыгы. Борбор Азияда ардагерлерге жөлөкпул катары канча акча төлөнөт?