ЖККУнун алкагында Казакстанга жиберилген аскерлер: Маянабызды дагы деле ала албай жатабыз

Казакстанга жөнөп жаткан аскерлер. Сүрөт: Коргоо министрлиги

Кыргызстандын аскер кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Анда алар Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун тынчтык орнотуу миссиясына катышканы үчүн тиешелүү төлөмдөрдү ушул күнгө чейин ала электигине нааразы болушту.

Жалпысынан 7-январда Кыргызстандан коңшу өлкөгө 150 жоокер жөнөтүлүп, алар Алматыдагы ТЭЦ-2нин стратегиялык объектисин бир апта бою кайтарышкан.

«Биз дагы эле күжүрмөн миссияны аткарганыбыз үчүн маянабызды ала албай жатабыз. Каржы министрлигинде дагы деле маселе чечилбей жатканын айтышууда. Бул маселени чечүүдө колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопго» Кыргызстандын тынчтык орнотуу миссиясынын бардык мүчөлөрүнө жакын арада тийешелүү төлөмдөр төлөнө турганын билдирди.

Казакстандагы январь окуялары

Казакстандагы нааразылыктар 2-январда, өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында башталган. Анда тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаарлардын тургундары да кошулуп, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

Казакстандын Башкы прокурору өлкөдөгү нааразычылык акциясында жана башаламандыкта жалпы 225 адам каза болгонун кабарлаган. Бирок көзөмөл органынын өкүлү Серик Шалабаев «бул болжолдуу гана маалыматтар экенин жана жаңыртылып өзгөрүшү мүмкүн» деп белгилеген.

Казакстандын бийлиги бул адамдардын өлүмүнүн жагдайларын ачыктаган эмес. Буга байланыштуу казакстандыктар январь окуясы учурунда каза болгондор тууралуу маалыматтарды ачыктап, алардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү талабы менен петиция жарыялашкан. Петицияда учурда 1000ден ашык кол топтолгон.

Буга чейин Алматы шаарынын прокурору Берик Жуйриктаев да Алматыдагы башаламандыкка байланыштуу 405 кылмыш иши козголгонун, учурда 249 киши камакта экенин билдирген эле.

Январь окуяларына катышкан деген шек менен жалпы 10 миңден ашык адам кармалган. Ошол эле маалда, укук коргоочулар жана кармалгандардын жакындары убактылуу кармоо жайында жана ТИЗОдо кыйноолор болуп жатканын айтып чыгышкан.

Казакстандык күч түзүмдөрүнүн кыйноолоруна кыргызстандыктар да кабылышкан. Алардын ичинен Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун окуясы коомчулукта резонанс жараткан. Джаз музыкант Рузахуновду сабап, камерага өзү тууралуу жалган айтууга мажбурлашса, экинчи кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун эки бутун сындырышкан. Рузахунов менен Сыдыковдун кыйноого алынганы боюнча Кыргызстанда да Казакстанда да кылмыш иши козголгон.

Казакстанда январдагы башаламандык учурунда кармалып кыйноого алынган кыргызстандык Викрам Рузахуновдун иши боюнча тергөө убактылуу токтотулган.

Жактоочу Рена Керимованын айтымында, Рузахунов өмүрүнө кооптонуп жаткандыктан Казакстандын аймагына барып көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

Февраль айынын башында Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы Казакстандын Тараз шаарында эки кыргызстандык кармалып турганы боюнча маалымат бар экенин билдирген. Алар Талгат Темиркан уулу жана Руслан Иманкулов аттуу жарандар экени айтылган эле.

Темиркан уулу январь окуялары боюнча, ал эми Иманкулов чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси менен кармалган.