Прокуратура джазмен Викрам Рузахуновду кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы кыргызстандык джазмен Викрам Рузахуновдун Казакстанда кыйноого алынганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Рузахуновдун адвокаты Нурбек Токтакунов Фейсбук барагында билдирди.

Ал «Кыргыз Республикасы өз чегинен сырткары жүргөн жарандарын коргоого жана колдоого кепилдик берет» деп айтылган 51-беренеси иштеп баштаганын эске салды.

«Бул эгер казак бийлиги Викрамга кордук көрсөткөндөрдү жазалабаса, анда аларды биздин бийлик таап туруп жазалашы керек дегенди билдирет. Бирок акыйткаттык үчүн Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттиги да бул зөөкүрлүктү иликтей байштаганын айтып коюу керек. Эми баары казак жана кыргыз укук коргоо органдарынын Кызматташтык жөнүндө Кишинёв макулдаштыгынын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүнөн көз каранды болот», — деп жазды Токтакунов.

Нурбек Тотакунов жана Викрам Рузахунов. Сүрөт: Токтакуновдун Инстаграм барагы

Буга чейин, Алматы прокуратурасы дагы джаз музыканты Рузахуновду жана эки буту тең сындырылган дагы бир кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыковду кыйноого алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болгон. Кыргыз тарап анда Казакстанга бул фактылар боюнча «тыкыр жана бейтарап иликтөө жүргүзүүнү» суранып кайрылган.

ТЕМА БОЮНЧА: Викрам Рузахунов: Жылаңачтап чечинтип, автомат менен омурткага ургулашты

Викрам Рузахунов кабыргалары сынып, баш мээси чайкалганын айтып берди