Казакстан: Музыкант Рузахуновду кыйноо иши боюнча тергөө токтотулуп турат

Казакстанда январдагы башаламандык учурунда кармалып кыйноого алынган кыргызстандык Викрам Рузахуновдун иши боюнча тергөө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Orda.kz басылмасы жактоочу Рена Керимовага таянып жазды.

Керимованын айтымында, Рузахунов чагымдан жана өмүрү үчүн кооптонуп жаткандыктан Казакстандын аймагына барып көрсөтмө берүүдөн баш тартууда.

«Бул [Казакстандын] укук коргоо органдары үчүн жакшы, себеби анын [Рузахуновдун] катыштыгы жок толук кандуу тергөө жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Апрель айында тергөө тобунун мүчөлөрүнүн бири Викрамдан суракты жана көрсөтмөнү Бишкекке келип алсын деп өтүнмө бергем, бирок баш тартып коюшкан», — деп билдирген Керимова.

Ал эми музыканттын укугун коргоп жаткан дагы бир адвокат Нурбек Токтакуновдун айтымында, иштин убактылуу токтотулушунун мааниси тергөө амалдарынын баары бүткөнүндө, айыпталуучулар аныкталганда иш кайра эле уланат.

«Биз бул жакка келишсин деп жатабыз. Октябрь РИИБи сурактын протоколун Казакстанга жиберүү үчүн Викрам Рузахуновду суракка алган. Ушундай оңой болмок, узак процедуралары жок эле», — деди Токтакунов.

Ал буга чейин да Рузахуновдун Казакстанга барышы кооптуу экени бир нече жолу айтылганын кошумчалады. Токтакуновдун айтымында, азырынча джазмендин коопсуздугуна кепилдик жок.

Казакстандагы башаламандык

2022-жылдын январында Казакстандын бир катар шаарында массалык башаламандыктар болгон. Башаламандык учурунда Казакстандын күч түзүмдөрү кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду дагы кармашкан.

Рузахуновдун кармалганы Казакстандын «Хабар 24» мамлекеттик телеканалында көрсөтүлгөн видеодон кийин белгилүү болгон. Телеканалдын эфиринен сабалган кишини көрсөтүшкөн, ал Алматыга башаламандыкка катышуу үчүн жалданып келген кыргыз жараны экенин айтып берген.

Тема боюнча: Казакстан: Эки кыргызстандык январдагы башаламандыктарга катышууга шектелип жатат

Кийин Казакстандын ИИМи кармалган кыргызстандык Закир Убуров атуу жаран экенин билдирген. Бирок эфирден көрсөтүлгөн адам кыргызстандык джазмен Викрам Рузахунов экени, ал Алматыга 2-январда гастролдоп барганы белгилүү болгон.

Мындан тышкары, Убуровдун бир тууган агасы Тахир Юбуров видеогу киши Закир эместигин, фамилиясы Убуров эмес Юбуров экенин тастыктаган.

Рузахунов Бишкекке алып келинип, дарыланып чыккандан кийин Алматыда кармалып турган кезде кыйноого кабылганын айтып берген. Ал «Хабардын» эфиринде көрсөтүлгөн видеодо кармалганы белгилүү болушу үчүн атайын жалган айтканын дагы кошумчалаган.

Рузахуновдун айтымында, ал казакстандык журналисттерге мажбурлап айттырышкандай башаламандыкка катышкан жумушсуз кыргыз жараны эместигин түшүндүрүүгө да аракет кылган.

Февраль айында Алматыда Рузахунов жана дагы бир кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков сабалганына байланыштуу кылмыш иши козголгон.