«Бүтүн Кыргызстан» партиясы көчмө жыйындын алкагында Баткен облусуна барышканда товар ташыган айдоочулар «Кольцо» транспорттук көзөмөл бекетинде УКМК кызматкерлери «акча талап кылышканын» айтып нааразы болушкан.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети нааразы болгондордун айыптоолорун четке кагып, атайын билдирүү таратты.

Окуянын чоо-жайы

11-майда Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров баштаган депутаттар Сүлүктү шаарындагы «Кольцо» транспорттук көзөмөл постуна барган. Анда айдоочулар аталган постто иштеген УКМК кызматкерлери акча талап кылып, жүк ташуучу унааларын өткөрбөй жатканын айтып арызданышкан.

«“Бирдиктүү салыкка өткүлө” деди. Биз ошого “көчөдөгүлөргө пара бергиче, мамлекетке берели” деп курсан болдук. Эми минтип кысып атканы кандай? Биз мамлекетке төлөйлү деп сүйүндүк эле, [УКМК] эле кыйнап жатат. Салык кызматы менен Бажы кызматы “Силердики мыйзамдуу” деп атат, булар баш ийбей жатат, УКМК бар го. Буйрук бар дейт, буйругуңарды көрсөткүлө десек, көрсөтө албайт. Булар “шабашка” иштеш үчүн эле келген», — деди айдоочулардын бири.

Депутатар менен жолукканы келгендердин дагы бири Баткен облусунда беш өткөрмө бекети бар экенин белгиледи. Ал айдоочулар бекеттерден өтүү үчүн 500дөн 1000 АКШ далларына чейин пара берүүгө аргасыз болуп жатканын айтты.

«Баткен шаарынын кире беришинде, Төрт-Көлдө, Кольцодо, Интернационал, анан Беш-Кент айылында бар. Облустун беш жеринде пост бар. Жеке ишкерлер “Баткендеги бекетке 500дөн 1000 долларга чейин беребиз” дейт. “Бул жерден болсо 500 доллар берейин десем өткөргөн жок” деп атышат. “Товарлардын документтери туура болсо, 1000 доллар бересиң” дейт» — деди ал.

Кулундуда өткөн жыйын

Бул маселе боюнча ошол эле күнү Лейлек районунун Кулунду айылындагы маданият үйүндө Баткен облусунун бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары 250дөн ашык кишинин катышуусунда жыйын өткөргөн.

Фракциянын лидери Адахан Мадумаров эки райондун ортосундагы «Кольцо» өткөрмө бекетинин мыйзамдуулугунан күмөн санады.

«Аткезчилик эки өлкөнүн ортосунда болот. Эки айылдын ортосунда болбойт, эки райондун ортосунда болбойт. Аткезчилик кыргыз-тажик чек арасында болот. Постту чек арага койгула, Сүлүктү менен Лейлектин ортосунда балээ барбы? Өкмөттүн буйругу чыккан чыгар. Эгерде өкмөттүн буйругу, ошол Акылбек Жапаровдун буйругу Конституцияга, мыйзамга каршы келе турган болсо, ал буйрук иштебеш керек. Биз ошону териштирели деп атабыз», — деди эл өкүлү.

Аны менен катар, фракция лидери эл чогулуп барганда өткөрмө бекетте иштеген УКМК кызматкерлери «туш тарапка качып кеткенин айтып» сынга алды.

УКМК эмне дейт?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сүлүктү шаарындагы унааларды көзөмөлдөөчү бекет президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомуна ылайык, мыйзамдуу коюлганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бекет аткезчиликке жана товарларды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүүнүн алкагында коюлган.

УКМКдан ал жерде УКМКнын, Чек ара кызматынын, ИИМдин жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү иш алып барарын белгилешти.

«Эгерде посттун кызматкерлери жеке пайда көрүү максатында акча талап кылса, анда жарандар УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнө же Баткен облустук башкармалыгына, андан тышкары прокуратурага арыз менен кайрылса болот болчу, бирок андай арыз, кайрылуулар түшкөн эмес. Посттун кызматкерлери күбөлүгү жок иштегени да далилденген жок», — деп жазылат билдирүүдө.

Атайын кызмат видеодо нааразы болгон жарандардын бирин «Кыргызстандын мыйзамын одоно бузган киши» деп сыпаттады.

«Башкармалыкта бул жаран Тажикстанга биздин продукцияларды активдүү сатып жаткандыгы, анын натыйжасында ушундай адамдардын айынан ички рынокто азык-түлүктүн баасынын жогорулашы байкалганы тууралуу маалымат бар», — дер жазылат билдирүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы 11-апрелде Лейлек районунун Кулунду айылында болгон жыйында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары жана айрым жергиликтүү тургундар «эч кандай далилдүү фактыларды келтире алышкан жок» деген пикирде.

«Сүлүктүдөгү УКМКнын кызматкерлери нөөмөттө тургандыктан, эч жакка качпай, жөн гана физикалык маалыматтарын ачыкка чыгарбоо үчүн четтеп кетишкенин баса белгилейт», — деп билдиришти УКМКдан.

Атайын кызмат Кыргызстандын жарандарын «жогоруда айтылгандай билдирүүлөр менен коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого» чакырды.

Ташиевдин тапшырмасы жана сыны

Камчыбек Ташиев. 

Өткөн жылдын март айында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан бир литр дагы күйүүчү май Тажикстанга өтпөйт деп билдирген. Аны менен катар, ал «Тажикстандын продукциясы да Кыргызстанга кирбейт» деп убада берген болчу.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 24-мартында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташууга аракет кылып жатканын айткан.

Ташиев Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүн аткезчиликке каршы иши «өтө начар» болуп жатканын айтып сындаган. Ошондой эле ал тийиштүү мекемелердин жетекчилери жеке жоопкерчиликте экенин эскерткен.

«Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Салык кызматы биргелешип Баткендеги чек араны карагыла. Бардык азык-түлүктү азыр насос менен сордургансып чыгарып кетип жатышат. Чек арага чеп болуп туруп, бир да килограмм май, ун, кумшекер өткөрбөгүлө. Бул негизги максат», — деген ал.

Тема боюнча:

Адахан Мадумаров ага карата «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун айтты

Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу иш боюнча кайрадан сурак берип жатат