Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу иш боюнча кайрадан сурак берип жатат

Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн 17-январда Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Маалыматты «Клоопко» көзөмөл органдын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, саясатчы кыргыз-тажик чек арасына байланышкан иш боюнча сурак берүүдө. Мадумаров буга чейин 14-январда дагы Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери суракты өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кысым болуп атканын билдирген. Анын айтымында, «баары президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүнөн кийин башталган».

Мадумаров кол койгон протокол жана Жапаровдун билдирүүсү

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялоодон баш тарткан.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу болгон деп негиздеген.

«Бүгүнкү күндө ошол жол болгон үчүн Сүлүктүдөн чыккан машине токтоосуз Кыргызстанга, Бишкекке келип жатат. Протоколду Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Эч кандай күчкө ээ эмес», — деген Мадумаров.

Ал эми 2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Бул маселени 2021-жылдын октябрь айында президент Садыр Жапаров ЖМКларга курган расмий маалымат жыйынында да көтөргөн. Анда ал Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатканын билдирген. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.

Ал эми бир айдан кийин Жапаров Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге маек куруп, облуска тиешелүү бир катар маселелерге токтолгон. Анда Жапаров парламенттик шайлоодон кийин Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын белгилеген.

«Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн жазага тартуу мөөнөтү чектелбеш керек», — деген Жапаров.