Коомдук телерадиоберүү корпорациясына «улуттук» макам кайтарылды

Коомдук телерадиоберүү корпорациясына «улуттук» макам кайтарылды. Мыйзам долбоорун Маданият министрлиги демилгелеген.

Буга чейин медиа коомчулук Маданият министрлигинен мыйзам долбоорун чакыртып алууну суранган, себеби сунушталган мыйзам долбоорунда демократиялык принциптер толугу менен жокко чыгып, коомчулук телеканалдын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй албай калат деген кооптоонуусун айткан болчу.

«Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбооруна президент 30-апрелде кол койгон.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясына «улуттук» макам кайтарылды

Коомдук телерадиоберүү корпорациясына (КТРК) «улуттук» макам кайтарылды. Бул тууралуу «Токтом» порталында кабарланды.

Мыйзамды Маданият министрлиги демилгелеген. Мыйзам долбоорун юристтер жана медиа коомчулук сынга алганына карабастан документти парламент 6-апрелде үчүнчү окууда кабыл алган. Ал эми 30-апрелде президент «Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбооруна кол койгон.

Эмне өзгөрдү?

Эми КТРКнын «коомдук» макамы «улуттукка» өзгөрдү. Байкоочу кеңеш таркатылды, ал эми телеканалдын жетекчисин президент дайындайт.

КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев парламенттин 2-марттагы жыйынында телеканалда иштегендердин маянасы миң сомго көтөрүлөрүн билдирген. Иманалиев бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча 9 млн сом бөлүнүшү керектигин айткан.

Ал эми маданият министри Азамат Жаманкулов «миң сом — телеканалдын макамы өзгөргөнү үчүн эле кошумча берилүүчү каражат» деп түшүндүргөн. Министр «келечекте телеканалдын кызматкерлеринин маянасы жакшы деңгээлге чыгат» деп дагы убадалаган.

КТРКны реформалоо жана ага карата сындар

КТРК Кыргызстандагы эң ири телерадиоберүү компаниясы болуп эсептелет, аны каржылоо үчүн бюджеттен жылына 350-400 млн сом акча бөлүнөт.

КТРКны реформалоо тууралуу маселе 2021-жылы эле айтыла баштаган.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши алдына коюлган милдеттерди аткарбай жатканын билдирген.

«Канал мамлекеттин ишин кылышы керек, жеке кызыкчылыктар үчүн эмес. Мамлекеттин идеологиясын чагылдырып, социалдык көрсөтүүлөрдү бериши керек», — деген ал.

Массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоева нобярда КТРКнын макамы жөнүндөгү мыйзамдын долбоору «президенттин 2021-жылдын 5-майындагы тапшырмасына ылайык» иштелип чыкканын түшүндүргөн.

Сарногоеванын айтымында, корпорациянын башкы директорун шайлоодо байкоочулук кеңеште «өтө чоң коррупциялык көрүнүш» болгон.

29-октябрда «Медиа Полиси Институту» 15 медиа, журналисттер жана редакторлор кол койгон медиакоомчулуктун кайрылуусун жарыялаган. Анда алар маданият министрлигинен «Кыргыз телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну өтүнүшкөн.

Медиакоомчулук сунушталган мыйзам долбоорунда демократиялык принциптер толугу менен жокко чыгып, коомчулук телеканалдын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй албай калат деген пикирде. Ал эми журналисттер телерадиокорпорация мамлекеттик болуп өзгөртүлгөндөн кийин кайрадан бийликке аянтча түзүп берип калат деп эсептешет.