Ош: Көп кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды

12-майда Ош шаарында курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттан боюн таштап, өз жанын кыюуга аракет кылган 17 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМге К.А. аттуу кыз Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан имараттын 11-кабатынан секирүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге келген министрликтин төрт кызматкери кызды куткарып, медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң өспүрүмдү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ушул жылдын 5-майында Бишкек шаарынын Октябрь районунда толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу имараттан боюн таштап, өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, аял киши Байтик-Баатыр жана Төрөбай Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылган.

Тема боюнча:

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган аял куткарылды

Бишкекте көп кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылган аял куткарылды