Бишкекте көп кабаттуу имараттан боюн таштоого аракет кылган аял куткарылды

Бишкек шаарынын Октябрь районунда 5-май күнү толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу имараттан боюн таштап, өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ӨКМге аял киши Байтик-Баатыр жана Төрөбай Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган кызматкерлер аялды куткарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Үстүбүздөгү жылдын 9-январында Бишкек шаарында курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу имараттан секирип, өз жанын кыюуга аракет кылган 30 жаштагы киши куткарылган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Сегизинчи кабаттан секирген бала ооруканага жетпей каза болду

Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган аял куткарылды