Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган аял куткарылды

Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн балконунан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 29-октябрда билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 35 жаштагы аял Ош шаарынын Джим көчөсүндөгү 12 кабат үйдүн тогузунчу кабатынан секирүүгө аракет кылган.

Окуя болгон жерге келген ӨКМдин төрт кызматкери аялды куткарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Ал эми Ош ШИИБнин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө аялды милиция кызматкерлери куткарганы айтылат.

«12 кабаттуу үйдүн 10-кабатынын балконунан секирүүгө аракет жасаган аялды чакыруу боюнча барган милиция кызматкерлери куткарып калышты. Милиция кызматкерлеринин айрымдары аны алаксытып, башкасы артынан келип кармап калууга үлгүрүштү», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, милициядан аял үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам өз жанын кыюуга аракет кылышы мүмкүн дешти.

Аял жолдошу менен ажырашып, соттун чечими менен кичүү баласы атасында калган. Мындай жол менен баласын өзүнө кайтарып алгысы келген деген версия текшерилүүдө. Жубайлардын ортосунда алты бала бар.

27-октябрда Бишкек шаарында курулуп бүтө элек үйдүн 8-кабатынан секирген 22 жаштагы жигит ооруканага жетпей каза болгон.

Милиция жана ӨКМдин кызматкерлери жаш жигит менен бир нече саат бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок бул эч кандай жыйынтык берген эмес. Ал эми маркумдун жакындары ӨКМдин кызматкерлери жана милиция баланы сактап калууга «тийиштүү чара көргөн эмес» деп айыпташууда.

Кийинчээрек ӨКМдин басма сөз кызматы баланын өлүмү боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.