Каракол: Аялын мыкаачылык менен сабаган киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну аялын мыкаачылык менен сабады деген шек менен кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-майда милицияга облустук ооруканадан ур-токмокко алынган 38 жаштагы аял келип түшкөнү тууралуу кабарлашкан. Жабыралануучу жерине барган милициянын ыкчам-тергөө тобуна аны 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганын айтып берген.

Облустук милициядан ур-токмокко алынган аял майыптыгы бар адамдардын каттоосунда турарын белгилешти.

Бул факты «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен катталып, керектүү экспертизалар дайындалды. Шектүү Каракол шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин аялдын мыкаачылык менен сабалганы тууралуу укук коргоочу Камил Рузиев айтып чыккан. Анын айтымында, аял ур-токмокко кабылгандан кийин «оор абалда» Ысык-Көл облустук ооруканасына жаткырылган.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандын кесепети.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Зомбулукка кабылгандардын 9 038не коргоо ордери берилген — анын ичинен 8 миң 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264 жашы жете элек өспүрүмдөргө ыйгарылган.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Иллюстративдик сүрөт. 

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык басмырлоого, уруп-согууга жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Ошондой эле, зордук-зомбулукка кабылгандарга кризисттик борборло дагы жардам бере алат:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • «Мээрбан» Кризистик борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;
  • «Теңдеш» Кризистик борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаңыл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;
  • «Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;
  • Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;
  • Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.

Дагы окуңуз:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз