Видео: Мас абалында ызы-чуу салып, сөгүнгөн милиционер кызматынан алынды

Ош шаарында мас абалында ызы-чуу салып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн милиционер кызматынан алынды. Бул тууралуу 18-майда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан кызматкер «ички иштер органдарынын кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык жана коомдук тартипти одоно бузду» деп белгилешти.

Эмне болду?

Фейсбукта формачан милиция кызматкеринин көчөдө жана үйдүн ичинде тургундардын бири менен чырдашып жаткан видеосу тарады. Анда кызматкердин жүрүм-турумунан мас абалда экени байкалат.

Биринчи видеодо кызматкер көчөдө туруп ыктымал мас абалдагы тургун менен кайым айтышкан. Ошондой эле «улутуна асылган» сөздөрдү айткан.

Экинчи видео үйдүн ичинде тартылган. Анда кызматкер көчөдө кайым айтышкан тургундун футболкасан тартып, аны күч менен сыртка чыгарууга аракеттенген. Адамдар экөөнү арачалоого аракет кылышканда «Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүндө иштейм» деп билдирген.

Кишилер ага милиция чакырабыз деп эскертип, «тургунду бууп коёсуң» деп айтышкан. Кызматкер сөгүнүп, «милиционерлерди чакыра бергиле» деген.

«Өлбөйт нахуй. Мен бууп коём өлүп калат… [Милиция] келсин нахуй блять», — деген ал.

Андан соң патрулдук милиция келип аны алып кеткен. Мас кызматкер анда да сөгүнгөн. Ал эми чакырууга келген милиционерлер тургундарга окуяны видеого тартпоону эскерткен.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, окуя 17-май күнү болгон. Милиционер нөөмөттөн чыгып алкоголдук ичимдик ичип, кошуналары менен араздашканын айтат. Сыдыков аталган факты боюнча да иликтөө жүрөт деп ишендирди.

Чуу жараткан милиционерлер

Өткөн жылдын декабрында Ош шаарында «мас абалында унааны башкарып, жол тыгынын жаратты» делген облустук ЖКККБнын инспекторунун видеосу тараган.

Анда мас экени айтылган кызматкер унаасын жолдун ортосуна токтотуп алган. Ал эми тасманын авторлору ШИИБдин патрулдук милиционерлерин чакырып, айдоочуга карата чара көрүүнү талап кылышкан.

Кызматкер жарандык формада болгон. Ал тасманы тарткандардын жана патрулдук милиционерлердин суроолоруна жооп бере алган эмес.

Анда облустук ЖКККБдан «кызматкер окуя жумуш учурунан сырткары болгонун айтты» деп билдиришкен. Ошондой эле ал жумушунан четтеген эмес.

Ал эми 2020-жылы Ош ШИИБдин кызматкери жүргүнчүнү ашата сөккөн видеосу соцтармактарга жайылган.

Милициядан аталган кызматкер ички иштер органдарын «уят кылды» деп белгилешип, ал кызматынан айдалган. ШИИБден «мындай кызматкерлерден арылуу боюнча тиешелүү иштер жүрөт» деп убадалашкан болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Мас абалында жол тыгынын жаратты» деген инспектордун үстүнөн иликтөө башталды

«Өч алам». Ошто жүргүнчүнү ашата сөккөн милиционер жумуштан алынды