«Өч алам». Ошто жүргүнчүнү ашата сөккөн милиционер жумуштан алынды

Жүргүнчүнү ашата сөккөн милиционер кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Милициянын пресс-релизинде аталган кызматкер ички иштер органдарын «уят кылды» деп жазылган. Ошондой эле мындай кызматкерлерден арылуу боюнча тиешелүү иштер уланаары кабарланды.

Эмне болду?

16-майда соцтармактарда сөгүнгөн милиционердин тасмасы тараган. Тасмадан алгач формачан кызматкер токтоп турган унаанын айдоочусуна орой мамиле жасап, ал эми тасмага тартып жаткан жүргүнчүнү сөгүп жатканын көрүүгө болот.

«Ушул жерде МАИ тостубу, ушул жерге токтот. Макул. Топ келип атат. Тарт ээ… котогум сага окшогон, дохуя […] Котогум, аты жөнүм түшүндүңбү?», — деп укук коргоо органдарынын кызматкери оозго алгыс сөздөрдү айткан.

Андан соң окуя болгон жерге ыкчам топ келген. Алар айдоочуну наркологиялык бөлүмгө баруусун талап кылышкан. Бирок ал эмненин негизинде алкоголдун бар-жогуна текшерилиши керектигин сурап каршылык көрсөткөн. Айдоочу макул болбогон соң аны күчкө салып алып кетүүгө аракеттенишкен. Ал эми тасмага тартып жаткан жүргүнчүнү милиционерлердин бирөө бир-эки «ургулап», кете берүүсүн айткан.

Аты-жөнү белгисиз калууну каалаган окуянын катышуучусу «Клоопко» билдиргендей, ал күнү айдоочуну наркологиялык бөлүмгө алып кетишкен. Ал эми жүргүнчүлөр алардын артынан такси жалдап барышкан. Бөлүмгө баргандан кийин айдоочуну текшерүүгө албай, аларга видеону өчүрүп салуусун айтып коё беришкен. Бирок жарандар тасманы өчүрбөйбүз деп эскертишип, окуя ошону менен аяктаган.

Ал милиционерди кызматынан бошотуп коюу менен гана чектелүү аздык кылат деп эсептейт. ашата Ошондой эле, ал учурда коомчулукта жумуштан алынган кызматкердин окуянын катышуучуларынан «өч алам» деген кептери жүрүп жатканын айтты. Бирок аларга коркутуулар түздөн-түз түшө элек.

«Биз кызматкердин жумуштан алынуусун эмес, ага жана башкаларга сабак болуусун каалаганбыз. Бирок жумуштан четтетүү канчалык сабак боло алды? Ал кызматкер келип биздин өмүрүбүзгө коркунуч жаратпоосуна ким кепилдик бере алат? Эгер ал бизден кечирим сураса биз кечиргенге даярбыз, бирок коркутуулар болуп же “өч алам” деген сөздөр улана берсе, биз да тиешелүү жактарга кайрылабыз», — деди ал.

Материал жарык көрөөр алында жүргүнчүнү сөккөн милиционерден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Милиционер жеңил жаза алды»

Сөгүнгөн кызматкер Ош шаарындагы көчмө посттордун биринде кызмат өтөп жаткан. Ага карата кызматтык иликтөө жүрүп, ал ички иштер органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы үчүн жумушунан алынган. Ал эми башка кызматкерлердин аракети боюнча териштирүү уланууда.

«Бүгүнкү күндө ал жерде болгон кызматкерлердин бул окуяга кандай катыштыгы бар, күнөөсү барбы, же жокпу иликтенип жатат. Эгер алар тараптан да жарандарга карата одоно мамиле жасалып, укук бузуу болгону аныкталса, аларга да кызматтык иликтөө жүрүп, жазага тартылат», — деди Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Соцтармактардын колдонуучуларынын көпчүлүгү милиционердин жоругун сынга алышты. Алардын бири Медер Абдыманапов иш укук коргоо органдарынын кызматкеринин жумуштан алынуусу менен гана жабылбашы керек деген пикирде.

«Бул погончон акмактарды жумуштан берене менен кетириш керек! Коомдук көзөмөлгө алууга чакырам достор! Ээлеген кызматынан бошотулгандыгы тууралуу буйрукту коомчулукка чыгарышсын!» — деп жазды Абдыманапов.

Ал эми Сыдыков жүргүнчү арыз жазбагандыктан окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталбаганын айтты.

«Эгер уурулук кылып, же кандайдыр бир кылмыш ишин кылса анда берене менен кетмек», — деди Сыдыков

Ал эми юрист Максатбек Жорокулов «Клоопко» «милиция кызматкери жеңил эле жаза алды» деген жарандар туура ойдо экенин белгиледи.

«Видеодогу милиция кызматкеринин аракетин Кыргызстандын Жоруктар жөнүндө кодексиндеги «Майда бейбаштык» аталган 119-беренеси менен айыптап, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүсү керек эле», — деди ал.

Жоробеков, эгер милиционерди сот күнөөлүү деп тапканда, анда ал 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айыппул төлөөгө милдеттүү болмок деп кошумчалады.

Бул Кыргызстанда карантин киргизилгенден бери милиционерлер тарабынан тургундарга орой мамиле жасалган биринчи окуя эмес. Айрымдары блокпосттордон өтө албай турган тургундарды сөксө, айрымдары жөө жүргүнчүнү бетке чапкан. Кээ бир тургундар милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын да айтышып, прокуратурага арыздангандар да болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Милиционер жөө жүргүнчүнү бетке чапты — кызматтык текшерүү башталды

Кара-Сууда күйөөсүн милиционерлер сабаганын айткан аял президентке кайрылды

Ошто эки милиционер тарабынан сабалганын айткан тургун прокуратурага арыз жазды

Токтогулда блок-посттогу тургундарды ашата сөккөн милиционер жумушунан бошотулду