Ош: «Мас абалында жол тыгынын жаратты» деген инспектордун үстүнөн иликтөө башталды

Ош шаарында «мас абалында унааны башкарып, жол тыгынын жаратты» деген облустук ЖКККБнын инспекторунун үстүнөн кызматтык иликтөө башталды.

6-декабрда соцтармактарда «Карга карганын көзүн чукуйбу же чукубайбы» деген аталыштагы видео тараган. Анда инспектор делген киши «мас абалда ролдо отурганы» айтылган. Видеодон унаа жолдун ортосунда токтоп турганын көрүүгө болот.

Тасманын авторлору Ош шаардык патрулдук милиционерлерди чакырып, айдоочуга карата чара көрүүнү талап кылышкан.

Видеодон көрүнгөндөй, кызматкер делген киши жарандык формада болгон. Ал тасманы тарткандардын жана патрулдук милиционерлердин суроолоруна жооп бере алган эмес.

Видео: Turmush

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев «Клоопко» видеодо алардын кызматкери тартылганын тастыктады. Ал «кызматкер окуя жумуш учурунан сырткары болгонун айтып жатат» дейт.

«29-ноябрь күнү 18:00дөн кийин болгон деп жатат. Башка бардык жагдайлар иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат», — деди ал.

Басма сөз катчы инспектор жумушунан четтетилбей эле иштеп жатканын кошумчалады.