Парламенттин 18-майдагы жыйынында «Клооптун» Улуттук тарых музейиндеги өрттөлгөн экспонаттар боюнча иликтөөсү тууралуу сөз болду.
Депутат Дастан Бекешев журналисттер аныктаган фактылар чын болсо, тиешелүү адамдар «жоопко тартылышы керек» деп билдирди.
«Комиссия “24 эле буюм жоголду” деп жатат. Бирок өрт чоң болгон экен [...] Журналисттер “бир топ баалуу буюмдар жоголуп, өрттөлүп кетти, бирок аны коомчулукка билдирбей жатышат” деп айтышууда. Ошондуктан муну карабасак болбойт. Эгер ушул маалымат чын болсо, тиешелүү адистерди жоопко тартыш керек», — деди ал.
Аны менен катар, эл өкүлү маселени парламенттик комитетте кароону сунуштады.
Музейдеги өрт, журналисттик иликтөөлөр
2016-жылы Улуттук тарых музейинде өрт чыккан. Анда администрациядан анча баалуу эмес бир нече гана экспонат жабыркаганын билдиришкен.
Бирок «Клооп» жана OCCRP 2021-жылдын май айында өкмөт менен музейдин жетекчилиги өрт учурунда музейдин негизги фондуна караштуу кеминде 18 тарыхый килемдин өрттөнүп кеткенин жаап-жашырууга аракет кылганы тууралуу иликтөө жарыялаган.
Ошол кезде бийлик журналисттик иликтөөгө көңүл деле бурган эмес жана бир канча айдан кийин көрүүчүлөр үчүн музейдин эшигин ачкан.
Ал эми экинчи иликтөөдө журналисттердин колуна жаңы документтер тийген. Ага ылайык, өрттөн жабыркаган экспонаттардын саны жүздөп саналат.
Журналисттердин колуна маданият министрлигинин дарегине делген эки кат тийген. Анда музейдин кызматкерлери 2021-жылы музейдин жертөлөсүн тазалап жатышып «музейлик маанидеги жарым-жартылай жана толук күйүп кеткен буюмдардын жүздөгөн калдыктарын» таап алышкан.
Экспонаттар табылгандан кийин музей жетекчилиги өрттөн жабыркаган буюмдардын тизмесин түзгөн курам менен атайын комиссия түзгөн.
Буюмдардын тизмеси катка да тиркелген. Ага ылайык, атайын сандар менен белгииленген 350 экспонат жабыркаган же толугу менен күйүп кеткен. Андан сырткары өрттөн дагы башка 600 буюм жабыркаган.
Жоголгон экспонаттардын көбү совет дооруна, анын ичинде революциянын алгачкы мезгилине таандык, бирок арасында 19-кылымга тиешелүү да китептер болгон.