Өкмөт автоунаалардын айнегин караңгылатуунун баасын бекитти

Министрлер кабинети автотранспорт каражаттарынын алдынкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн акы төлөө жана уруксатты каттоо тартибин бекитти. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Төлөө тартибине ылайык, караңгылатууга уруксат алуу үчүн жыйымдын өлчөмү төмөнкүдөй:

Жеке жактар үчүн — 80 миң сом;юридикалык жактар үчүн — 100 миң сом;чет элдиктер үчүн — 120 миң сом.Уруксат алуу үчүн төлөмдү накталай «Унаа» мамишканасына же мамлекеттик мекеменин эсебине которсо болот.

Караңгылатууга уруксат бир жылга берилет. Эгер унаанын ээси караңгылатуунун мөөнөтү аяктаганча андан баш тартууну чечсе, караңгылатуу үчүн төгүлгөн акча кайтарылбайт.

Минкабдан караңгылатууга уруксат жеңил унааларга гана берилерин, уруксат жүргүнчү ташыган унааларга жайылтылбасын билдиришти.

Унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу

Унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоо жана жыйымдарды төлөө тартибин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун Экономика министрлиги коомдук талкууга апрель айында алып чыккан.

Караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоорун минкаб 2022-жылдын февралында демилгелеген. Апрелде президент мыйзам долбооруна кол койгон.

Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиев документ коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн керек деп айткан. Бирок буга чейин Кыргызстанда унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга тыюу салынганына карабастан көпчүлүк караңгылатып эле айдап жүрчү.

Мыйзам долбоорун кабыл алуунун алдында депутаттар алдыңкы каптал айнектерди караңгылатуу жолдордо кырсыктардын санын көбөйтүүгө алып келет деп айтышкан.

Бийлик болсо бул маселеге жооп бере алган эмес. ЖКККББнын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, караңгылатылган айнектердин кырсыктарга таасири боюнча дүйнөдө да, Кыргызстанда да олуттуу изилдөө жүргүзүлгөн эмес.