Алдыңкы каптал айнектерди караңгылатуу үчүн 80ден 120 миң сомго чейин акы алуу сунушталды

Экономика министрлиги унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоо жана жыйымдарды төлөө тартибин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документке ылайык, унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн жыл сайын төмөнкүдөй жыйымдарды алуу сунушталууда:

  • физикалык жактардан (Кыргызстандын жарандары, этникалык кыргыздар, кайрылман макамын алгандар) 80миң сом;
  • Юридикалык жактардан 100 миң сом;
  • Чет элдиктерден 120 миң сом.

Уруксат алуу үчүн төлөмдү накталай «Унаа» мамишканасына же мамлекеттик мекеменин эсебине которсо болот.

Караңгылатууга уруксат бир жылга берилет. Эгер унаанын ээси караңгылатуунун мөөнөтү аяктаганча андан баш тартууну чечсе, караңгылатуу үчүн төгүлгөн акча кайтарылбайт.

Эгер унаанын ээси машинасын алмаштырса, анда документти ошол эле «Унаа» мамишканасынан жаңы алган унаасына котортуп алса болот.

Уруксатты ким жана кантип ала алат?

Экономика министрлиги алдыңкы каптал айнектерди караңгылатууга уруксатты жеңил унааларга гана берүүнү сунуштап жатат, бирок уруксат жүргүнчү ташыган унааларга жайылтылбайт.

Караңгылатууну каалагандар «Унаа» мамишканасына электрондук мамлекеттик портал аркылуу кайрылуусу керек.

Арыз берүүчү төмөнкүлөрдү бериши керек:

  • транспорт каражат ээсинин өздүгүн күбөлөндүргөн документ же транспорт каражатынын ээсинин атынан тиешелүү деңгээлде таризделген ишеним кат;
  • транспорт каражаты менчик ээсинен таандыгын тастыктаган, аны каттоо жөнүндө күбөлүк;
  • юридикалык жакка таандык болгон жеңил транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат алуу укугуна ишеним кат (юридикалык жактын жетекчиси үчүн талап кылынбайт) жана ишеним кат берилген жактын өздүгүн күбөлөндүргөн документ;
  • транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат алуу үчүн төлөмдү тастыктаган документ;
  • транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн төлөмдү тастыктаган документ.

Караңгылатууга берилген уруксатты Carcheck порталы аркылуу текшерсе болот.

Эгер кимдир бирөө унаасын уруксаты жок караңгылаткан болсо, жеке жактар 20 миң сом өлчөмүндө, ал эми юридикалык жактар 40 миң сом айып пул төлөйт.

Төлөмдөрдүн тартиби эгер минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койсо, 2022-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Унаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу

Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоорун минкаб 2022-жылдын февралында демилгелеген. Парламенттин депутаттары аны 17-мартта үчүнчү окуудан кабыл алышкан, ал эми президент мыйзам долбооруна 15-апрелде кол койгон.

Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиев документ коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн керек деп айткан. Бирок буга чейин Кыргызстанда унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга тыюу салынганына карабастан көпчүлүк караңгылатып эле айдап жүрчү.

Мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алуу алдында депутаттар алдыңкы каптал айнектерди караңгылатуу жолдордо кырсыктардын санын көбөйтүүгө алып келет деп айтышкан. Мисалы, парламенттик комитеттин жыйынында депутат Искендер Матраимов буга каршы чыгып, унааларынын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууда унаа айдоодо тажрыйбасы жок жаштар пайдаланат деген.

Бийлик болсо бул маселеге жооп бере албай жатат. ЖКККББнын башчысы Азамат Исраиловдун айтымында, караңгылатылган айнектердин кырсыктарга таасири боюнча дүйнөдө да, Кыргызстанда да олуттуу изилдөө жүргүзүлгөн эмес.

«Караңгылатуу жол кырсыктарына канчалык таасир этерин эч ким айта албайт», — деп айткан Исраилов парламенттин 9-февралдагы жыйынында.