17-май күнү саат 12:30 чамасында Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 Амирабек Чымканаев мектебинин бир бөлмөсүндөгу шыбы урап түшкөн эле.
16 окуучуну жана бир мугалимди «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын унаасы Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирген. Мектеп директору класстын шыбы сабак учурунда урап түшкөнүн айтса, райондун акими окуучулар менен мугалим сыртта болгон деп ишендирген. Чындыгында окуя кандай болгон?
Жабыркаган окуучулардын ата-энелери жана окуяга күбө болгон мектеп мугалими Гүлназ Аширбаева «Азаттык» үналгысына окуянын чоо-жайын айтып беришти. Алардын айтымында, класстын шыбы сабак өтүлүп жатканда ураган.
Ашырбаева класста калган окуучуларга жана мугалимге алгачкылардан болуп жардамга келгендердин бири. Анын айтымында, класстын шыбы урап түшкөндө ал класска кирип барып окуучуларга «чыккыла» деп кыйкырган. Класстагындарды сыртка алып чыккандан кийин кирпич менен тактайлар дагы ураган.
«Кире бериши топурак үйүлүп, дөң болуп калыптыр, анан узунунан жаткан тактай бар болчу. Тактайды алып ыргытып эле, окуучуларды чыгара баштадым. Балдар дагы шок абалда экен ыйлап да атышты. Алар катуура бир нерсе тийген жерлерин кармап атышты. Анан бөлмөдөгү эжекенин акыбалы бир аз оор экен. Эжени эптеп алып чыгып, башка кесиптештерие тапшырдым. Кайра “ким бар, чыккыла” деп кыйкырдым. Баардыгы чыккандан кийин үч минутадай эч ким унчуккан жок, тынчып калды. Мага 6-7 эле окуучу сыртка чыккандай сезилди. Дагы кыйкыра бердим. Акырында бир кыз, бир бала акырын чыгып келди. Балдардын баарын сыртка алып чыккандан кийин дагы чоң кирпичтер, тактайлар түшүптүр», — деди ал.
Шыбы урап түшкөн класста окуган окуучулардын биринин атасы Ильяз Арстанбеков кызынын абалы жакшы болбой, Ош шаарындагы ооруканага көрсөтүп келгенин айтат.
«Бардыгы ыйлап отурат. Бир эле окуучулар эмес, эжекелери дагы ыйлап отурат да. Баягы жерден кызымды ойлодум дагы жүгүрүп барып, классына кирдим. Кирсем ал жерде чындыгында коркунучтуу экен. Ал жерде шок акыбалда, кимиси эмне болгону деле билинбейт да. Кызымды үйгө алып барып, душка түшүрүп, анан ооруканага алып келдим. Кийин ооруканадан келгенде “башым айланып, кускум келип жатат” деди. Мен корктум. Колумду башына тийгиздирбей койду», — деген ал.
Арстанбеков айылдын боорундагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын жардыруулары мектептеги кырсыкка себеп болду деп эсептейт.
«Ошол күнү саат 10:00 чамасында жардыруу болгон экен. Ошондон кийин шыбы урап түшүптүр. Эч кандай сереналары жок бир километрден үч километрге чейин ачык түрдө алтын казылбаш керек», — дейт ал.
Кырсыктан айылдын дагы бир тургуну Нуркул Ашировдун небереси да жабыркаган. Ал да класстын шыбы жардыруулардан улам урап түштү деген ойдо.
«Бизге эжелери чалып, кызыбыздын акыбалын жакшы дешти. Биз барганча ооруканага алып кетишиптир. Азыр эми айылдын үстүндө түрктөр жардыруу иштерин уюштуруп жатышат. Биз ошондон уламбы деп шекшип атабыз», — деди Аширов.
Ал эми «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн адиси Асел Акматалиева айтылган дооматтарды четке каккан.
«Мектептин шыбы саат 12:00 чамасында ураган, бизде жардыруу 12:50 чамасында болду. Биз жөндөн-жөн эле жардыра бербейбиз, ал боюнча атайын адистер иштешет. Ар бир жардыруу ар бир аймакта техникалык талаптарга ылайыктуу болот. Айыл менен компания иштеп аткан аралык 700 метрди түзөт», — дейт ал.
Окуя болгон күнү Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев «Клоопко» мектептин шыбы ураганда окуучулар сыртта болгонун айткан болчу. Бирок ал кийин маалыматты туура эмес берип алаганын айтып, кырсык сабак учурунда болгонун тастыктады.
«Ошол күнү мен жыйында болуп, калдым. Маалыматты туура эмес берип алыптырмын. Негизи класстын шыбы эки жолу урап түшүптүр. Биринчи ураганда класста окуучулар болгон, бирок аларды мугалим куткарган. Экинчи ураганда окуучулар сыртта болгон», — деп түшүндүрдү ал.
Убадаланган жаңы мектеп
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы Мелисбек Тойчуевдин айтымында, «Эти Бакыр Терексай» ишканасы 2018-жылы айылга жаңы мектеп имаратын салып бермей болгон. Курулуш үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер бөлүп беришкен. Бирок андан бери мектеп салынган эмес.
«Биз жерин дагы аныктап бергенбиз. Бирок ал жер дагы аталган компаниянын карамагына кирип калган. Биз ошол ишканага карап калган үчүнбү же кандайдыр бир себептерден улам салынбай атабы түшүнбөй турабыз. Долбоорду булар өздөру дагы түзгөн. Негизи мен долбоор даяр деп ойлойм. “Эти Бакыр Терексай” компаниясы эксперттер менен биргеликте Терек-Сай кенин алып атканда биз көрсөткөн жер дагы кирип калган болуш керек. Биз ошол жерге саласыңар деп көргөзүп бергенбиз. Биз негизи капчыгайдын гана ичинде жашайбыз. Мал-чарбачылык жок, ушул кенге гана байланганбыз», — дейт ал.
Шыбы урап түшкөн мектеп
Бул маселени 18-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев дагы көтөргөн. Ал мектептин шыбы ураган күнү «Эти Бакыр Терексай» компаниясы айылдын үстүндө жардыруу уюштурганын айтып, анын ишин текшерүүнү талап кылган.
Бирок «Эти Бакыр Терексай» ЖЧСынын маалымат кызматы мектептин шыбыгын урап түшүшүнө алардын тиешеси жоктугу тууралуу коомчулукка билдирүү тараткан.
19-майда Терек-Сай айыл аймагында алтын казган «Эти Бакыр Терексай», «Вертекс Голд Компани», «Чаарат Голд» жана «Кичи Чаарат» компанияларынын жетекчилери жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөргөн.
Жыйында жергиликтүү тургундар шыбы ураган мектеп боюнча маселени көтөрүп, буга «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын жардыруу иштери себеп болушу мүмкүн экенин да айтышкан.
21-майда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев шыбы ураган мектептин абалы менен таанышып, кырсыктан жабыркаган мугалим Асия Сакеева жана окуучулардан кабар алган.
Анда Бейшеналиев шыбы урап түшкөн мектептин ордуна инвесторлордун жардамы менен жаңы имарат куруларын билдирген.
№18 Амирабек Чымканаев мектеби 240 окуучуга ылайыкташкан. Бирок мектеп жашындагы балдардын саны көптүгүнөн анда 361 окуучу билим алат.
Акыркы расмий маалыматтар боюнча өлкөдө 245 мектеп же ар бир 10чу мектеп авариялык абалда. Ал эми 457 билим берүү мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Мындай мектептерде билим алган окуучулар жана мугалимдер күн сайын өз өмүрүн тобокелчиликке салышат.
2011-жылы билим берүү министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте өлкөдөгү мектептерге улуттук баа берүү жүргүзгөн. Алар Кыргызстандагы мектептердин 80%дан ашыгы коопсуз эмес деген жыйынтыкка келишкен. 2021-жылы Борбор Азия университетинин студенттери изилдөө жүргүзүп, 10 жылдан бери эч нерсе өзгөрбөгөнүн аныкташкан.