«7 жылдан бери оңдолгон эмес». Чаткалдын Терек-Сай айылында мектептин шыбы урап түштү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагынын №18 Амирабек Чымканаев мектебинде класстардын биринин шыбы урап түштү. Мугалим окуучуларды класстан алып чыгууга жетишкендиктен, балдар жабыркаган жок.

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 17-майда саат 12:30 чамасында болгон. Жерине куткаруучулар тартылып, 16 окуучу жана мугалим «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын унаасы менен Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген.

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен Жалал-Абад облустук ооруканасынын координатору Замира Орунбаевага таянып, кырсыктан эч ким жаракат албаганын билдиришти.

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы.

Орунбаева, шып уруп түшкөндө мугалим менен мектеп окуучулары сыртта болгонун айтат. Бирок алар коркуп калгандыктан жана мугалимдин кан басымы көтөрүлүп кеткендиктен медициалык текшерүү жүргүзүү үчүн ооруканага жеткирилгенин белгиледи.

«Терек-Сай айылында катуу жамгыр жаап, шыптан суу тамчылай баштаган. Мугалим дароо балдарды сыртка алып чыккан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Бирок мугалим жана балдар шок абалга түшүп калган. Мугалимдин кан басымы көтөрүлүп, кеткен. Бирок ага биринчи жардам көрсөтүлгөн», — деп түшүндүрүштү министрликтин басма сөз кызматынан.

Чаткал районунун акими Алтынбек Санирбаев «Клоопко» мектептин шыбы эмнеге урап кеткени тууралуу маалыматы жоктугун айтты. Бирок билим берүү мекемесинде жети жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес дейт. билдирди.

«1-корпусу 1958-жыл курулган. Ал эми, 2-корпусу 1968-жылы курулган. Имарат алгач мектеп үчүн эмес, кен иштеткен жумушчуларга жатакана катары курулуп, кийин мектепке берилген. Имараттын дубалдары саман ылай менен сокмо ыкмада курулган», — деди ал.

Санирбаевдин айтымында, мектеп 240 окуучуга ылайыкташкан.Бирок мектеп жашындагы балдардын саны көптүгүнөн анда 361 окуучу билим алат.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча өлкөдө 245 мектеп же ар бир 10чу мектеп авариялык абалда. Ал эми 457 билим берүү мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Мындай мектептерде билим алган окуучулар жана мугалимдер күн сайын өз өмүрүн тобокелчиликке салышат.

2011-жылы билим берүү министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте өлкөдөгү мектептерге улуттук баа берүү жүргүзгөн. Алар Кыргызстандагы мектептердин 80%дан ашыгы коопсуз эмес деген жыйынтыкка келишкен. 2021-жылы Борбор Азия университетинин студенттери изилдөө жүргүзүп, 10 жылдан бери эч нерсе өзгөрбөгөнүн аныкташкан.

Тема боюнча:

Нарын: 20 градуска кыйшайып калган мектеп урап калуу коркунучунда турат

Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!