Санарип министри паспорт мафиясы тууралуу иликтөөнүн айрым фактыларын айтып берди

Санариптик өнүктүрүү министри Таланбек Иманов Калкты каттоо департаментиндеги паспорт мафиясы боюнча иликтөөнүн айрым жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Министр 24-майда жарыялаган кайрылуусунда Өзгөн районунда утилизациялана турган 1 667 ID, 2 101 жалпы жарандык паспорт жок болуп жатканын айткан. Бул жарандар жаңы документ алгандан кийин өткөрүп берген эски паспорттор. Иманов паспорттор чет элдиктерге сатылышы мүмкүн деп эсептейт.

Анын айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте 2020-2021-жылдарга карата жок кылынууга тийиш болгон жараксыз паспорттордун реестрин инвентаризациялады. Жыйынтыгында айрым кызматкерлер күнөөлүү деп табылып, тийиштүү чаралар көрүлдү. Тактап айтканда:

  • башкармалыктын аймактар ​​аралык бөлүмүнүн адиси ээлеген кызматынан бошотулду. Ал УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган;
  • Ош облусунун Араван районунун бөлүм башчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында үй камагында;
  • департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза жарыяланды;
  • бардык бөлүмдөрдүн жетекчилерине өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткаруу жана тапшырылган бөлүмгө көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө эскертүү берилди.

«Бул маселе боюнча иш улантылат. Маселе президенттин [Садыр Жапаровдун] жеке көзөмөлүндө», — деп белгиледи ал.

Паспорт мафиясы

25-апрелде Талантбек Иманов Калкты каттоо департаментиндеги паспорт мафиясы тууралуу билдирүү жасаган. Бул Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук мекемеси.

Анын айтымында, департамент суткасына 24 саат иштеп, мамлекеттик бюджетке миллиарддаган сом зыян келтирүүдө. Иманов тийиштүү органдарга бере турган бардык фактылар жана далилдер бар экенин кошумчалаган.

26-апрелде министр Кыргызстандын жарандарына таандык 100дөн ашык паспортту Түркияга чыгарып бараткан жаран кармалганын билдирген. Ал «паспортторду жасоо коррупциялык масштабы абдан чоң» жана бул «улуттук коопсуздукка коркунуч» туудурат деп кошумчалаган.

«Камырабай пара алып, жаныбызда иштеп жатат. Бул тармакка ревизия керек», — деген министр.

Азаттык Санарип министрлигине таянып, ведомство 2020-жылы 412 309, 2021-жылы 512 051 ID паспорт бергенин жазган. Ал эми 2020-жылы 326 356 адам жалпы жарандык пасспорт алганын, 2021-жылы алардынс аны 428 889га жеткенин жазган.

Жасалма паспорттор

Жасалма кыргыз паспорттору тууралуу кептер нече жылдан бери айтылып келет. Мындай учурлар буга чейин да болгон. Алсак, ИИМдин маалыматына караганда, 2019-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 36 жасалма паспорт берген.

Паспорттор берүү функциясын Мамлекеттик каттоо кызматынан алып, Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү сунушу да берилген. Мындан тышкары, 2019-жылы УКМК террористтер пайдаланган болушу мүмкүн делген жасалма паспорттордун каналын аныктаган.

Ар түрдүү кылмышкерлерден Кыргызстандын жарандарына таандык документтер табылган учурлар катталгандыктан кыргыз паспортторунун аброю анча жакшы эмес. Ошол эле 2019-жылы Интерполдун издөөсүндө жүргөн жана адам өлтүрүүгө шектелген эки кылмышкерден кыргыз паспорту табылган эки окуя катталган. Мындан тышкары Киевде Украинанын атайын кызматынын кызматкеринин унаасын жардырууну уюштурууга шектелгендердин биринен Кыргызстандын паспорту табылган.

Мындан тышкары, паспорт көйгөйүнөн улам Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза жана грин-карталарды берүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизип, иммигранттардын АКШга кирүүсү токтотулган.

Чектөөлөр «АКШнын минималдык коопсуздук талаптарына жооп бербеген же АКШ менен мыйзамсыз иммиграцияны алдын алуу жаатында кызматташпаган» өлкөлөргө каршы киргизилген.