Кыргыз бийлиги «Кыргыз телеком», «Альфа Телеком», «Дастан» заводу жана «Евразия сактык банкы» сыяктуу мамлекеттик ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрдү.

Кирешелүү ишканалардын саясий чөйрөдө «Ширшовдун көздөй адамы» аталган, анын мурдагы айдоочусу Талантбек Имановдун башкаруусуна берилгени бир топ күмөндүү суроолорду жаратууда.

24-майда Жогорку Кеңеште бул окуяларды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды. «Азаттык» басылмасы Иманов-Ширшов тандемин бир катар документтер менен далилдеп чыкты.

Материалдын түп нускасы «Азаттыктын» сайтында жарык көргөн.

Мамлекеттик мекемелердеги байланыштар

«Азаттыктын» журналисттери Алексей Ширшов Кыргызстандагы бизнесин, байлыгын мурдагы айдоочусу, азыркы санариптик өнүктүрүү министри Иманов аркылуу көзөмөлдөп келгенине ишарат берген документтер тууралуу сөз кылат.

Маалыматка ылайык, Алексей Ширшов менен Талантбек Имановдун жолу 2010-жылга чейин «Дастан» заводунан кезигишкен. Ошол учурдагы «Дастандын» директору Ширшов Имановду айдоочу, жансакчы кылып кызматка алган.

2010-жылы Бакиевдер бийликтен кулаганда Ширшов өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон тарта Имановдун иши илгерилей баштаган. Ал 2011-жылдан баштап «Улан» ишканасынын директорунун орун басары, директору кызматтарын аркалаган. Бул ишкана «Дастан» заводунун курамына кирет. «Уланды» башкаруу менен бирге Иманов «Дастан» заводунун өнүктүрүү боюнча директору катары да иштеген. 2020-жылы март айында Талантбек Иманов дал ушул стратегиялык ишкананын башкы директорлугуна дайындалган.

Учурда «Дастан» заводун Эрик Апышев башкарып жатат. Ал дагы Иманов үчүн бөтөн адам эмес. Кезинде Апышев министр Иманов менен бирге «Волонтеры страны» деген коомдук бирикме түзгөн. Бул «Дастан» заводунун азыркы жана мурдагы директорлору бири-бирине чочун эмес экенин ырастап турат.

Журналисттердин колуна тийген документтер бозгун президент Курманбек Бакиевдун уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү, энергетика тармагында чуулгандуу иштерге айыпталган Алексей Ширшов менен министр Талантбек Имановдун байланышын, алардын буга чейин «Евразиялык сактык банкын» башкарууга катышканын көрсөткөн.

Башкы прокуратуранын 2010-жылдын 2-июнундагы токтомунда 2005-2010-жылдар аралыгында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев баштаган топ Кыргызстандан 300 млн. доллар чыгарып кеткени, акчаны адалдоо «Азия Универсал», «Манас, «Ысык-Көл» жана «Кыргызкредит» банктары аркылуу ишке ашканы жазылган. 2010-жылдан кийин «Кыргызкредит» банкынын Бакиевдерге жакын компанияларга таандык акциялары мамлекетке өтө баштаган. Банк 2016-жылы «Евразиялык сактык банкы» деп атын өзгөрткөн.

Журналистер «Евразиялык сактык банкына» байланыштуу документтерди карап жатып эки фамилияга көңүлү түшкөн. Алар Оксана Калинина менен Назгүл Машырова. Оксана айым Талантбек Имановдун жардамчысы болсо, Назгүл жубайы. Экөө тең банктын башкаруусуна аралашкан.

Түлеев жана Иманов

Журналисттердин маалыматына ылайык, 2017-жылы 19-майда «Евразиялык сактык банкы», Талант Иманов жана экс-мэрдин кызы Назгүл Түлееванын ортосунда үч тараптуу келишим түзгөн. Анда Нариман Түлеевдин кызы 64 млн. сом насыя алып, анын бир бөлүгүн — 30 млн 513 миң сомду Иманов төлөп бере турган болот.

Нариман Түлеев насыя тууралуу суроого «мен түрмөдө болчумун, башка банктар насыя бербей, айла кеткенде ушул банкка кайрылганбыз» деп түшүндүрмө берген.

«Бирок алар “берели, бирок жарымын биз алалы” деген талап койгон. Кийин алар аксаңдап төлөбөй баштаганда башка банкка кетем деп айткам. Түрмөдөн чыккандан кийин башка банктар акча бере баштады», — деген ал.

Кийин Улуттук банк бул жерде мыйзам бузулганын аныктап, «Евразиялык сактык банкынын» кызматкерине айып салган.

Журналисттер Түлеевге «Талант Иманов насыя алганга жардам бергенби» деп тактоочу суроо узаткан.

«Ооба, убагында ошолорго караган банк болчу да. Имановдордун директорлор кеңешинде таасири бар болчу», — деп жооп берген Түлеев.

Нариман Түлеевдин бул айткандары Имановдун «Евразиялык сактык банкындагы» таасирин кыйыр түрдө далилдеп турат деп эсептейт журналисттер.

Мурда Ширшов азыр Иманов жашаган үй

«Азаттыктын» журналисттери 2010-жылы Ширшовдор жашаган эки кабат, туш тарабынан бийик дубал менен курчалып, бассейн жана гаражы бар хан сарайга Ширшовдун көздөй адамы көчүп келгенин белгилейт. Аталган үй Бишкектин тоо тарабындагы байлар жашаган райондо орун алган.

Журналисттер Талантбек Иманов азыр дагы Ширшовдордун үйүндө жашап жатканын далилдей алган. 17-майда үйгө барып, дарбазасын какканда Имановдун баласы менен кызы чыккан. Тестиер баладан «бул Талант Имановдун үйүбү» деп сураганда, алар «ооба» деп жооп беришкен. Сүрөттөн үйдүн короосунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кара Геленваген турганын көрүүгө болот.

Буга чейин «Кактус медиа» басылмасы видео жарыялап, Алексей Ширшов менен министр Талантбек Иманов «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин иш бөлмөсүнөн чыгып баратканы айтылат. «Кактус» тартып алган видеодогу жана Имановдун короосунда турган машиненин маркасы жана өңү окшош. Министр Иманов «Азаттыкка» берген комментарийинде Ширшов менен жолугуп турарын ырастаган.

«Алексей Ширшов менен жолугуп эле жүрөм. Жашыра турган эч нерсе жок. Эмне кызматташтык болмок эле, 12 жыл өттү. Менин андай унаам жок. Унаама түшкөн эмес», — деген Иманов.

«Азаттыктын» журналисттери Ширшов менен Иманов өнөктөш экенин көрсөтүп, алардын мамлекеттик мекеме, ишканалардагы байланыштарын документ менен бекемдегенин белгилейт.

Бул фактылар боюнча Талант Имановдун жообун алуу максатында журналисттер Санариптик өнүктүрүү министрлигине 2-3 күн катары менен барышкан. Башында Иманов интервьюга макул болуп, анын басма сөз кызматы журналисттерди тосуп алып жатса, аягында министрликтин астанасын аттатпай коюшкан.

Иманов коомчулуктун бүйүрүн кызыткан Ширшовго байланыштуу суроолорго Фейсбуктан учкай жооп берген.

«Жогоруда аталган ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүүдөгү негизги максат — материалдык, техникалык базаны болушунча бекемдөө. Инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү менен туруктуу каржысы бар жогорку техникалык холдинг түзүү. Мисалы, “Дастандын" базасында ири дата борбор түзүү каралган. "Альфа Телеком" менен "Кыргыз телеком" өлкөнүн тарифтик саясатын оптимизациялайт. "Евразиялык сактык банктык" бардык бизнес процесстерин санариптештирүү мүмкүнчүлүгүн берет», — деген ал.

Ал эми стратегиялык ишканалардын Иманов башкарган министрликке өткөрүлүшү саясий чөйрөдө «Ширшовдун схемасы» иштей баштады деген сынды күчөттү.