«Ширшовдун айдоочусу». Санариптик өнүктүрүү министринин м.а. Иманов тууралуу эмне белгилүү

Талантбек Иманов. Сүрөт: «Биримдик» партиясы

6-январда президент Садыр Жапаров санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевди кызматтан бошотуп, анын милдетин аткарууну убактылуу Талантбек Имановго жүктөгөн. Ошондой эле өлкө башчысы Имановдун талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн сунуштамай болгон.

Factcheck.kg басылмасы санариптик өнүктүрүү министринин м.а. Талантбек Имановдун биографиясын изилдеп чыкты. Журналисттер Иманов карьерасын күзөтчү катары баштап, кийинчерээк бир катар ири компанияларда жетекчилик кызматтарды аркалаганын аныктап чыгышты. Ал тургай, Иманов учурунда Максим Бакиевдин үзөңгүлөшүнүн айдоочусу да болгон. Ал эми 2020-жылы өткөн, жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо «Биримдиктин» катарында шайлоого аттанган.

Күзөтчүдөн жетекчиге чейин

35 жаштагы Иманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Үч-Кайнар айылында туулган. Аткаминер алгач Каракол шаарындагы №14 кесиптик техникалык окуу жайында гид-коштоочу адистигине ээ болуп, кийинчерээк Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде юриспруденция багытында билим алган.

Иманов 2008-2010-жылдары «Дастан» аскерий-өндүрүштүк заводунда күзөтчү болуп иштеген. Ал эми 2010-жылдагы революциядан кийин Иманов «Газпром Нефть Азия» ЖЧКсы, «Дастан» заводунун туундуу компаниясы «Улан» жана «Полигон» ЖАКта жетектөөчү кызматтарды аркалаган. Иманов 2020-жылдын март айынан тарта «Дастан» заводунун башкармасынын төрагасы болгон.

Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Иманов «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын катарында 9чу болгон. Ал партиянын шайлоо фондуна 1,5 млн сом которгон.

Алексей Ширшовдун «шоопуру»

Ошондой эле Factcheck.kg басылмасынын журналисттери Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Максим Бакиевдин үзөңгүлөшү Алексей Ширшовдун жеке айдоочусу болуп жүргөнүн да ачыктады. Кыргызстандын энергетика тармагында коррупциялык схемаларды түзүүгө айыпталган Алексей Ширшов Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Ширшов 2010-жылга чейин Кыргызстандын энергетика тармагындагы «көмүскө кардиналы» болгону айтылган. Маалыматка ылайык, ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөн. Ошондой эле Кыргызстандын энергетика тармагындагы «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күнгө чейин иштеп жактканы айтылып келет.

Иманов болсо 2010-жылы Ширшовдун үйүн тоноо боюнча кылмыш иштин алкагында сотто күбө катары суралган. Анда ал 7-апрель күнү 10го жакын киши Ширшовдун үйүнөн телевизор менен приставка алып чыгышканын көрсөткөн. Ошондой эле, Имановдун айтымында, 2010-жылдын сентябрь айында ага Алексей Ширшовдун атасы байланышка чыгып, «алардын үйүн караганча жашап турууну» өтүнгөн. Журналисттер Иманов азыркы күнгө чейин Ширшовдун үйүндө жашап жүргөнүн белгилешти.

«Бакиевчил кадрлар»

Экс-президент Роза Отунбаева журналист Майраш Базлакуновага 2020-жылдын ноябрь айында курган маегинде Жапаровдун тушунда «Бакиевдин кишилери кайтып жатат» деп билдирген.

«Журналисттерди сабап, өлтүргөндөр коопсуздук органдарында жогорку кызматтарды ээлеп калышты. Кайсыл жерди караба, бардык жерде “бакиевчил” кадрлар», — деген ал.

Отунбаева мисал катары ошол кезде «Манас» аэропортуна жетекчи болуп жаңы дайындалган Бактыбек Сыдыковду келтирген. Ал Курманбек Бакиевдин тушунда да «Манас» аэропортун жетектеген, ал эми анын атасы Үсөн Сыдыков президенттик администрациясынын жетекчиси болгон. Учурда Бакытбек Сыдыков Жогорку Кеңештин депутаты.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына Курманбек Бакиевди «жакшы жагынан көрсөткөн» NewTV телеканалынын директору Нурланбек Шакиев жана бозгун президенттин тушунда башкы прокурор болгон Элмурза Сатыбалдиев да өтүшкөн.

Кийинчерээк депутат Дастан Бекешев «бакиевчил кадрлардын» дайындалып баштаганы «2009-жылды, ал тургай 90-жылдарды эске салат» деген пикирин айткан. Депутат мындай билдирүүнү Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаев келгенден кийин жасаган. Бөкөнтаев Бакиевдин маалында Улуттук банктын төрагасы болуп, революциядан кийин 11 жыл банк тармагында иштеген эмес.

Ошондой эле Бакиев маалында президенттин парламенттеги атайын өкүлү болгон Мурат Үкүшов 18-октябрда Президенттик администрациянын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчылыгына дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Банк тармагында иштебегенине 11 жыл болгон. Парламент Улуттук банктын төрагасын бекитти

Байсалов: Курманбек Бакиев кандай болбосун өлкөбүздүн президенти болгон