Санарип министрлиги мамлекеттик үлүшү бар төрт ири компаниянын акционери болот

Министрлер кабинети төрт ири мамлекеттик компанияда акционер катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарды. Документ минкабдын сайтына жарыяланды.

Токтомго ылайык, Министрлер Кабинетинин «Кызгызтелеком» ачык акционердик коомунда, «Евразия Сактык Банкы» ачык акционердик коомунда, «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунда, «ТНК Дастан» ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилет.

Ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигине бул компаниялардын башкаруу органдарына талапкерлерди дайындоо боюнча сунуш киргизүү укугу да берилет.

Минкабдан акционерлер «мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу» максатында алмаштырылып жатканын түшүндүрүштү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигин жыл башынан бери Талантбек Иманов жетектеп жатат. Ал буга чейин «Дастан» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы болгон. Ага чейин 2010-жылы Иманов «Дастандын» кароолчусу жана транс улуттук корпорациянын ошол кездеги башчысы Алексей Ширшовдун айдоочусу болуп иштеген.

2022-жылдын 10-майында УКМК Ширшовду коррупцияга шектеп кармап, бирок ошол эле күнү атайын кызматтын тергөө кызматынын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган.

Тема боюнча: «Ширшовдун айдоочусу». Санариптик өнүктүрүү министринин м.а. Иманов тууралуу эмне белгилүү

Санарип өнүктүрүү министри кээде Ширшов менен жолугуп турарын билдирди