УКМК «Дастан» заводу ИВЛ аппараттарды кымбат баада сатып алганы боюнча тергөөнү баштады

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети 2020-жылы «Дастан» заводу кымбат баада сатып алган 300 жасалма ден алдыруучу (ИВЛ) аппараттары боюнча тергөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 24-майдагы комитет жыйынында белгилүү болду.

«Дастан» заводунун башкармалыгынын төрагасы Эрик Апышев, ИВЛ аппараттары Орусиянын «Электронинторг» компаниясынан насыяга кымбат баада сатып алынганын, себебеи пандемия учурунда аппарттарга талап күч болгон деп айтты. Анын айтымында, ИВЛди орусиялык завод менен биргеликте өндүрүү максатында сатып алынган.

Апышевдин айтымында, ал убакта аппараттарды сапаты начар болгондуктан кайтарып бергилери келген, бирок жабдууларды чыгарууга тыюу салынгангандыктан андай кыла алышкан эмес. Ал учурда компания товарды кайтарып алуудан жана баасын түшүрүүдөн баш тартып жатканын билдирди.

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Дастан» аркылуу аппараттарды сатып алуу демилгеси болгон эместигин айтты.

«ИВЛ Авента М 2 млн сомдон ашык турат экен, берки аппараттар 90 миңден 100 миң сомдун тегерегинде [...] Биздин ооркуналарда дайыма эле ИВЛ аппараттарды сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок, себеби бул кымбат баалуу аппараттар. Мен ойлойт элем, эгер ушунун баасын реалдуу кылып, төмөндөтүп берсе, биз 100 аппаратты 100 мекемеге бирден алып берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот эле [...] Бирок бизге бул баалар туура келбейт», — деди Рахматуллаев.

Рахматуллаев Саламаттык сактоо министрлиги аппарат сатып алууну пландаган эместигин, ал коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын идеясы болгонун айтты. Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинде тендер кандай өткөнү тууралуу да маалымат жок.

Депутат Алишер Эрбаев «Дастан» заводунун жетекчисин ыксыз чыгымдар үчүн сынга алды. Ал аппараттардын мындан аркы тагдырын завод өзү чечиши керек деп белгиледи.

«Ушу [ИВЛ аппараттарын] “Дастан” алсын деген өкмөттүн токтому же көрсөтмөсү барбы? Анда “Дастан” ААК сатып алсын деген кайдан чыгып калды? Анан контракка чейин бул аппараттарга Орусиянын аймагында чектөө коюлган деген жыйынтык бар экен. Силер болсо бул жакта “Дастанга” кымбат алдырып жатасынар», — деди ал.

Депутаттар УКМК чечим чыгарып, аталган аппараттарды сатып алуудан баш тарттарышы керек деген чечимге токтолушту.

ИВЛдер пандемия күч алып турганда кампада чаңдап жаткан

Буга чейин «Клооптун» журналисттери пандемия убагында сатып алынып, кампада сакталып жаткан ошол 300 ИВЛ аппараты тууралуу иликтөө чыгарышкан.

Журналисттер 2020-жылдын жай мезгилинде, «ТНК “Дастан”» мамлекеттик заводунун кампасына Орусиядан 300 жаңы ИВЛ аппарат алып келинип, алар ооруканаларга таркатылбай эеле кампада чаңдап жатканын, ал арада бейтаптар аппараттардын жетишсиздигинен көз жумганын аныкташкан.

Саламаттык сактоо министрлиги аларды балансына алуудан баш тарткан. себеби аппараттарды ооруканаларга берүү үчүн 292 млн сом (269 млн рубль) төлөш керек болчу. Журналисттер ИВЛ аппараттарын сатып алууга катышкан көптөгөн ортомчуларды, алардын айынан аппараттардын баасы эселеп өсүп кеткенин дагы аныкташкан.

«Клооп» заводдун өкүлдөрү менен дагы сүйлөшкөн. Ал жактан «Ростех» менен «Дастан» медициналык шаймандарды өндүрүү боюнча биргелешкен өндүрүш ачууну пландашканы, бирок Кыргызстан «ата мекендик рынокту өздөштүрүү үчүн биринчи кадам катары» алгач орус корпорациясынан 300 даана ИВЛ аппаратын сатып алышы керек болгону маалым болгон.

Аппараттардын өзү дагы деле кампада жатат. «Дастандын» жетекчилиги ИВЛ аппараттары ооруканаларга жеткирилбей калганына саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги күнөлүү деп көшөрүүдө: «[Кыргызстандын] мурдагы саламаттык сактоо министри “Дастандын” кампасында ИВЛ аппараттары бар экенин билип туруп, ар түрдүү шылтоолор менен кириштөөдөн жана медициналык мекемелерге таратуудан баш тарткан».

Саламаттык сактоо министрлиги болсо аппараттар акысыз берилсе гана кабыл алабыз деген шарт койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:  Дем албасаң да төлө. Пандемия күчөп турганда жүздөгөн ИВЛ аппараты кампада пайдаланылбай жаткан

Ашыкча дарылар, күмөндүү вакциналар жана кымбат беткап. Эсептөө палатасынын COVID-19 боюнча отчёту