Иллюстрация: Вера Андрианова «Клооп» үчүн

2020-жылдын жай айларында, өлкөдө коронавирус күчөп жаткан маалда, Кыргызстан «Ростехтеги» өнөктөштөрүнө «жок» дей албай, кымбат баада 300 ИВЛ аппаратын сатып алууга макул болот. Бирок акчасын төлөй албай калган, жыйынтыгында — ажалдан арачалап калууга мүмкүн болгон бейтаптарды дагы сактап кала алган эмес. Эми пандемия артта калганда, кереги тийбеген ИВЛдин акысын бюджеттин эсебинен төлөп, ал тургай «Ростехтин» ортомчуларынын ири маржасын да берүү керек.

Светлана пандемияда ата-энесинен ажыраган. Апасы коронавирустан ооруканада жан берди, ал эми атасы — медиктер өпкөгө жасалма дем алдыруучу аппараты бар жандандыруу бөлүмүнөн орун издеп жатканда, тез жардам унаасында каза болгон.

«Мен ары-бери чуркап, ооруканаларга телефон чалып жаттым — эч жерде орун жок болчу. Катуулап кеткенде тез жардам чакырып, беш саат бою ооруканаларды кыдырдык. Бирөө күндүзгү стационарда ИВЛ бар деп айтып калды, атам дем албай калганда ошол жакка жөнөдүк. Коронавирус мени бир эле күндө баарынан ажыратты», — деп Светлана «Би-би-синин» кабарчысына айтып берген.

2020-жылдын жайа айларында, өлкөдө оору жуктургандар менен илдеттен көз жумгандардын саны биринчи жогорку чекке жеткенде, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Кыргызстандын ооруканаларында койкалар жана өпкөгө жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз экенин мойнуна алган. Анын айтымында, ошол учурда өлкө боюнча 493 ИВЛ аппараттары иштеп жаткан.

Бул Кыргызстан үчүн өтө эле аз сан. Мисалы, Германияда 2020-жылы 100 миң кишиге 30 ИВЛ аппараты туура келген. Кыргызстанда ошол убакта 100 миң кишиге — болгону сегиз аппарат болгон.

Ошол эле убакта, 2020-жылдын жай мезгилинде, «ТНК “Дастан”» мамлекеттик заводунун кампасына Орусиядан 300 жаңы ИВЛ аппарат алып келинген. Бирок алар ооруканаларга жеткен эмес, азыркыга чейин кампаларда чаң басып жатат.

Аппараттар тууралуу эмне белгилүү?

2022-жылы 17-январда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Кыбанычбек Ормонов аппараттар «Дастандын» демилгеси менен, кымбат баада сатып алынганын айткан. Аларды сатып алуу үчүн бюджетте акча жок, демек жабдууларды өндүрүүчүгө кайтарып жиберсе болот деген ал. Бирок заводдон бул мүмкүн эмес дешүүдө — келишим түзүлгөндөн кийин бир жарым жыл өткөн соң жеткирип берүүчүлөр товарды артка алышпайт.

Аппаратты Орусиянын президенти Путин менен Мамлекеттик коопсуздук комитетинде (КГБ) бирге кызмат өтөгөн Сергей Чемезов башкарган «Ростех» мамлекеттик корпопрациясы чыгарат. Пандемия башталгандан тартып «Ростех» эл аралык рынокко түрдүү ыкмалар менен Орусияда өндүрүлгөн ИВЛ аппараттарын сүрөмөлөй баштаган. Орусиянын өзүндө аппараттар жетишпей жатканда, «Авента-М» ИВЛдери АКШга гуманитардык жардам катары жөнөтүлгөн. Бирок америкалыктар аны колдонгон эмес.

«Клооп» менен заводдун кат алышуусунан «Ростех» компаниясы «Дастан» менен бирге медициналык шаймандарды өндүрүүнү пландаганы маалым болду. Бирок Кыргызстан «ата мекендик рынокту өздоштүрүү үчүн биринчи кадам катары» алгач орус корпорациясынан 300 даана ИВЛ аппаратын сатып алышы керек болчу.

Кызыгы, Кыргызстанда «Дастан» заводу алгач медициналык жана физикалык шаймандарды өндүрүү үчүн негизделген. Бирок 1960-жылдары торпедалар үчүн электрондук аппаратура иштеп чыгууга кайра адистешкен. Совет мезгилинде завод «Ростех» ишканасында өндүрүлгөн орус курал-жарагынын айрым түрлөрү үчүн башкаруу блокторун өндүрүүнү уланткан. 2020-жылы «Ростех» «Дастанга» ВПК «Урал» ок өтпөөчү унааларын өндүрүүнү өткөрүп бермекчи болгон.

ИВЛ аппараттарды жеткирүү тууралуу сүйлөшүүлөр жогору жакта жүргөн. Орусия тараптан келишимди Соода өнөр-жай министрлиги, Кыргызстан тараптан — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети макулдашкан. Бирок сүйлөшүүлөр кандайча жүргөнүн, ким кол койгонун аныктоо мүмкүн болгон жок: 2021-жылдын февраль айында комитет министрлик болуп кайра түзүлүп, жетекчилери алмашкан. 2020-жылдын жай айларында өкмөттө иштегендер бул темада сүйлөшүудөн баш тартууда.

Аппараттар өлкөгө 2020-жылдын июль, август айларында — Кыргызстан үчүн пандемиянын эң оор учурунда келген. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги аларды балансына алуудан баш тарткан. Аппараттарды ооруканаларга берүү үчүн 292 млн сом (269 млн рубль) төлөш керек болчу.

«Дастандын» өкүлдөрү аппараттар ошол учурдагы орточо базар баасында, алдын ала төлөмдөрсүз, бөлүп төлөө шарты менен алынган деп ишендирген. 2022-жылдын башында жаңы дайындалган санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов завод «[өндүрүүчү койгон баага]бир дагы тыйын кошкон эмес» деп билдирген. Иманов ошол учурда заводдун өнүктүрүү боюнча директору болуп турган.


Мүмкүн, 2020-жылдын жай айларында дүйнөлүк рыноктогу ИВЛге суроо-талап күч болуп жаткан чакта баасы чындап кымбат болушу мүмкүн эле, бирок эгер Кыргызстан жабдууларды азыр сатып ала турган болсо, бюджеттен 100 миллион үнөмдөлмөк.

ИВЛ аппараттары азыркыга чейин кампаларда

2022-жылдын январында Минкабдын башчысынын орун басары Эдил Байсалов, мамлекет аппараттарды төлөмүн эки аптанын ичинде төлөп бүтүрөт, анда кийин алар саламаттык сактоо министрлигине жеткирилет деп билдирген. Бирок андан кийин төрт ай өттү маселе дагы деле чечиле элек.

«Дастандын» жетекчилиги ИВЛ аппараттары ооруканаларга жеткирилбей калганына саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги күнөлүү деп кайталап жатат: «[Кыргызстандын] мурдагы саламаттык сактоо министри “Дастандын” кампасында ИВЛ аппараттары бар экенин билип туруп, ар түрдүү шылтоолор менен кириштөөдөн жана медициналык мекемелерге таратуудан баш тарткан».

Саламаттык сактоо министрлиги болсо аппараттар акысыз берилсе гана кабыл алабыз деген шарт койгон.

Керексиз болуп калган аппараттарды завод алгач өзүнүн сайтында сатууга, кийин — жеткирип берүүчүлөргө кайтарууга аракет кылган. Бирок 2021-жылдын апрелинде кыргыз өкмөтү дары-дармек жана медициналык шаймандарды эксперттоого убактылуу тыюу салган. Октябрда чектөө алынган, бирок «Ростех» менен түзүлгөн келишимде ортомчу болгон «Внешнеторговое объединение “Электронинторг”» акционердик коому — товарды кайра артка алуудан баш тарткан. Анын ордуна «Электронинторг» сотко кайрылган.

Орусиянын ИВЛ аппараттарынын коопсуздугу

Орусиянын Урал прибор курулуш заводунун «Авента-М» ИВЛ аппараттарында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаменти берген сапат жана коопсуздук сертификаты бар. Бирок Орусиянын өзүндө алардын бедели анча жакшы эмес.

2020-жылдын май айында Москва жана Петербург шаарларындагы ооруканаларда чыккан өрткө дал ушул «Авента-М» аппараты себеп болгон деген божомолдор бар. Өрттөн жети киши каза тапкан.

Ооруканадагы кырсыктардан кийин Росздравнадзор «Авента-М» аппараттарын колдонууну токтоткон. Текшерүү учурунда аппаратты өндүргөн заводдо өндүрүү процесси бузулганы, ИВЛ аппараттардын өзү болсо техникалык документацияга ылайык келбей турганы аныкталган. Сот Урал шайман өндүрүү заводуна сапатсыз медшаймандарды өндүргөнү үчүн 500 миң рубль айып салган.

Бирок бир нече айдан кийин завод чечимди даттанып, жеңип алган. Андан кийин жаңы каттоо күбөлүгүн алуу менен аппараттарды чыгарууну уланткан. Росздравнадзор койгон дооматтарын чакыртып алып, «Авента-М» аппаратын Орусиянын аймагында колдонууга уруксат берген.

Орусиянын медиктери «Авенты-Мдин» мүнөздөмөсү заман талабына ылайык эмес деп айтышат. Мисалы, алардын жардамы менен жаңы төрөлгөн ымыркайларга жасалма дем алдыруу жасоого болбойт деп жазган орусиялык «Важные истории» басылмасы.

УПЗ менен «Дастандын» ортосундагы үч ортомчу

Кыргызстанга ИВЛди жеткирип берүү менен бир нече ортомчулар алектенген, алардын бардыгы «Ростех» менен байланышы бар.

«Авента-М» аппараттары «Ростехтин» курамына кирген «Концерн радиоэлектронные технологии» (КРЭТ) акционердик коомунун астындагы Урал шайман өндүрүү заводунда өндүрүлөт. Бирок аппараттар заводдун өзүнөн эмес, «Уралмэд» жоопкерчилиги чектелген коомунан сатып алынган. Бул чакан фирма 2019-жылы негизделген, ал эми 2020-жылдын ортосуна чейин ага «КРЭТ» акционердик коомунун иш башкаруучусу Дина Низамутдинова ээлик кылган.

2020-жылдын июлунда «Ростехтин» дагы бир туунду компаниясы — «Улуттук информатизация борбору» (НЦИ) «Уралмедден» 186,2 млн рублга 100 аппарат сатып алган. Келишим жалгыз жеткирүүчүдөн мамлекеттик сатып алуу катары көрсөтүлүп, ал эми негиздеме катары: медициналык шаймандар «“ВО «Электронинторг” АКсы менен түзүлгөн киреше келишимине ылайык милдеттемелерди камсыз кылуу максатында сатылып алынган» деп жазылган. Ал дагы «Ростехтин» туунду компаниясы экенин биз буга чейин да белгилегенбиз.

Улуттук информатизация борбору аппараттарды «Электронинторг» компаниясына өткөрүп берген, ал өз кезегинде аппараттарды «Дастанга» саткан, бирок башка баада, кымбатыраак — 240 млн рублге саткан. Ушундан кийин ИВЛ аппараттары заводдон түз эле «Дастандын» кампасына келип түшкөн.

Бирок ортомчу өзүнүн кошумча кирешесин — бери дегенде 54 млн рубль («Уралмеддин» 1,8 млн рубль баасы кымбат экенин эске албаганда) — албай калган. «Дастан» ошону менен аппараттардын акчасын төлөбөй койгон.

Буга байланыштуу 2021-жылдын май айында, «Уралмед» Улуттук инфоратизация борборунун үстүнөн Москвадагы Арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылган. Доо арызда Улуттук информатизация борбору аппараттарды сатып алууда аванс — товардын жарым баасын төлөгөн деп айтылган. Калган сумманы ортомчу 2020-жылдын аягына чейин кайтарып бериш керек эле, бирок берген эмес. Сот «Уралмеддин» доо арызын канааттандырган, эми Улуттук маалымат борбор заводго 89 млн рубль төлөп бериши керек.

«Электронинторг» компаниясы да Москва арбитражына «Дастан» заводунун үстүнөн арыз менен кайрылган. Арыз канааттандырылган: завод ортомчуга «Авента-М» ИВЛ аппаратынын карызы үчүн 240 млн рубль, дагы 40 миң рублди айып пул катары төлөп бериши керек.

2022-жылдын майында «Электронинторг» компаниясы «Дастан» заводунун үстүнөн дагы бир арыз менен кайрылган — карызга байланыштуу жана калган 200 аппараттын айып пулун төлөбөгөнү үчүн. Сот бул жолу да арызды канааттандырып, «Дастанды» жеткирип берүүчүгө 35,4 сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Өз кезегинде «Дастандын» жетекчилиги дагы доо арыз жазууга камынып жатат. Бирок «Ростехтин» үстүнөн эмес, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөчө абал учурундагы аракетсиздигине карата.

Текстти Арууке Солтоной жана Екатерина Резникова даярдады.