Кыргызстандык дзюдочулар Португалияда өткөн Европа кубогунда алтын жана коло байгеге ээ болушту

Кыргыз спортчулары Португалияда өткөн Европанын ачык кубогунда дзюдо боюнча кадеттер арасында эки медалга ээ болушту. Бул тууралуу Европа дзюдо биримдигинин сайтында жарыяланды.

50 килограммга чейинки салмак категориясында Адис Орозмаматов биринчи орунду багындырды. Ал эми 60 килограммга чейинки спортчулар арасында Дастан Жумашев үчүнчү орунду камсыздады.

Май айынын башында кыргызстандык дзюдочулар Бразилияда өткөн Сурдлимпиядалык оюндарда үч медаль утуп алышкан.

Анда такэквондочу Азамат Мавлонов 80 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, Кыргызстандын куржунуна күмүш медаль алып келген. Ал эми дзюдочу 100 килограммдан жогорку салмак категориясында Канатбек уулу Ильгиз жана 57 килограммга чейинки салмак категориясында таэквондочу Бермет Марсбекова коло медалга ээ болушкан.

Адис Орозмаматов биринчи орунду багындырды. Сүрөт: European Judo Union.
Дастан Жумашев үчүнчү орунду камсыздады.  Сүрөт: European Judo Union.