Чүй облустук оорукасына хирург Эрнст Акрамовдун бюсту коюлат

30-майда хирург-окумуштуу, Кыргызстандын баатыры Эрнст Акрамов Чыңгыз Айтматовдун медалы менен сыйланды. Сыйлыкты хирургга Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун катчысы Ассоль Молдокматова тапшырды.

Молдокматова Акрамов кыргызстандыктардын өмүрүн сактоого жана медицинага эле эмес, элдин руханий баюусуна дагы салымын кошконун белгиледи.

«Мен Чынгыз Төрөкулович [Эрнст Акрамовду] терең урматтаганын билем. Ал бул көз ирмемге абдан кубанмак деп терең ишенем», — деди Молдокматова.

Ал Чүй облустук ооруканасына Акрамовдун бюстун коюу пландалып жатканын да айтты.

Молдокматова хирургдун портретин скульптор Садабек Ажиев жасаганын, бюсттун өзү Орусиядагы куючу цехте колодон куюларын айтты.

Медаль жана кичи бюст менен сүрөт (Сүрөт: Kabar.kg)

Буга чейин минкабдын башчысынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусттук бириктирилген ооруканасына Эрнст Акрамовдун аты ыйгарыларын билдирген.

Эрнст Акрамов — окумуштуу – хирург, медицина илимдеринин доктору. 1992-жылдан бери Чүй облустук оорканасынын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеп келген.

Министр Бейшеналиев Акрамовго каршы

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 14-мартта Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамовдун Реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборун жаптырганын билдирген. Ал жакка министр башка башкы дарыгерди дайындаган.

Кийин Бейшеналиев Акрамов ысымын бүтүндөй бир оорукана бермек түгүл бир бөлүмгө да ыйгарууга татыксыз деп айткан.

«Ал далдыр. Мен аны менен чогу иштегем. Кыргыздарды жек көрөт! Кыргыздарга ушундай мамиле кылган», — деген ал.

Андан кийин Саламаттык сактоо министрлиги Акрамовдун Хирургия илимий борборунун жабылыша эч кандай дооматы жоктугун билдирген. Министрлик ошондой эле хирургга таянып, Акрамов саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга оң көз карашта деп айткан.

Буга жооп кылып врачтар жана хирургиялык бөлүмдүн эмгек жамааты Акрамовду коргоо штабын түзүшкөн. Алар Бейшеналиевди министрлик кызматтан алууну талап кылышкан.